Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:13

А.Мадумаров менен Н.Турдукулов президенттик шайлоого катышат


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин убактылуу кызматын токтоткон Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахам Мадумаров алдыдагы президенттик шайлоодо өз талапкерлигин көрсөтөт. Бул жөнүндө Мадумаров 30-мартта «АКИпресс» маалымат агенттигинде өткөн жыйында ырасмий билдирди. Ал ошондой ушул күндөн тарта президенттикке даярдыктар башталгандыгы жөнүндө да маалымдады. Адахам Мадумаров 24-марттагы ыңкылаптан кийин өлкөнүн вице-премьер-министрлигинин милдеттерин убактылуу аткаруучу кызматынан баш тарткан. Маалымат жыйынында Мадумаров убактылуу өкмөттүн ишин сынга алды. Анын пикиринде азыркы бийлик өзүнүн иш-аракеттерин мыйзамсыз жүргүзүүдө жана ал тарабынан кадрларды дайындоолор да мыйзамсыз. Ушул эле күнү Кыргызстандагы белгилүү ишкер Нурбек Турдукулов да президенттик шайлоого талапкер катары катышаары жөнүндө маалымдады.

XS
SM
MD
LG