Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

КОМИССИЯ АННАНДЫ АКТАДЫ


Улуттар уюмунун кезинде Иракка багытталган Азык-түлүк үчүн мунай программасын иликтеген комиссия башкатчысы Кофи Аннан кандайдыр бир укук бузууларга барган эмес деп тапты. Бирок комиссия өз отчетунда БУУнун бул гуманитардык программасынын жетекчилигинин дарегине бир катар жаңы сын –пикирлерди айткан. Алардын отчету АКШда Кофи Аннандын отставкасын талап кылып жаткандар үчүн колдоо болушу мүмкүн. Кофи Аннандын өзү болсо ал акталганын жана Улуттар уюмунун бүткүл системасын реформалоого киришерин билдирди.

БУУнун башкатчысы Кофи Аннандын дарегине ал кезинде өзүнүн уулу иштеген швейцариялык компания Азык –түлүк үчүн мунай программасынын алкагында контракт алышына таасир көргөзгөн деген шек саноолор айтылып келген эле. Кофи Аннандын Коджо аттуу уулу 1998- жылы Азык–түлүк үчүн мунай программасы боюнча келишимдердин бирин жеңип алган "Cotecna" фирмасында иштеген экен.

Бирок бул боюнча иликтөө жүргүзгөн комиссия өзүнүн баштапкы отчетунда Кофи Аннандын ал контрактын берилишине тиешеси бар экенин көргөзгөн жетиштүү далил жок деген тыянакка келди. Докладда айтылгандай, Кофи Аннандын баласы жана ал иштеген швейцариялык фирма өз ара каржылык алакалары тууралуу башкатчыны кабардар кылбаган. Кофи Аннан өзү комиссиянын тыянагын мындайча баалады:

-Мага каршы көптөгөн туура эмес жана капаланткан ырастоолордон кийин көз карандысыз комиссиянын бул актоосу чоң жеңилденүү экени анык.

Аннан андан ары кабарчылардын отставкага кетесизби деген суроосуна "жок" деп эле кесе жооп кайтарды.

Анткен менен АКШнын Федералдык резерв системасынын мурдагы башчысы Пол Волкер жетектеген комиссиянын докладында бул чуулгандуу программанын башкарылышы боюнча бир катар маселелер көтөрүлгөн. Комиссия Аннанды программа боюнча ички иликтөөнү жакшы жүргүзбөгөнү, атап айтканда кызыкчылыктардын конфликтине жетиштүү көз салбаганы үчүн сынга алган. Комиссия башчысы Пол Волкер буларга токтолду:

-Биз сүйлөшкөн адамдардын эч кимисинен ал "Cotecna" фирмасын тандап алуу жараянына кийлигишкени жөнүндө далил укпадык. Ал эми Аннандын иликтөөсүнүн адекваттуулугу, мен ишенем, натыйжасы бар маселе. Келечекте бул кандай болот, биле албайм.

Ушуну менен комиссия соңку эки айдын ичинде экинчи ирет программанын аткарылышы боюнча тынчсыздануусун билдирип жатат. Февраль айында комиссия Азык түлүк үчүн мунай программасынын башчысы Бенон Сиван контракттарды өз досторуна багыттаган деген жыйынтыкка келген болчу.

Отчетто белгиленген жаңы фактылардын бири Кофи Аннандын аппаратынын мурдагы башчысы Икбал Риза иликтөө менен байланышкан үч жылкы документтерди жок кылып жибергендиги. Ал комиссияга жолдогон катында жок кылынган кагазда башка жерлерде тиркелген документтердин көчүрмөсү жана алардан арылып туруу Улуттар уюмунда практикаланып келген иш экенин айткан. Бирок башкатчынын аппаратынын жаңы башчысы Марк Маллок ошол документтер жок кылынган жагдайлардан улам ал мындан аркы иликтөөнү талап кылат деп эсептейт:

-Муну жасоо акылсыздык болгон жана башкатчынын өзүнүн катына ылайык келбейт. Андыктан биз муну алдыда да иликтешибиз керек.

Мунун аралыгында АКШда Азык-түлүк үчүн мунай программасы боюнча өзүнчө иликтөө жүргүзүлүүдө. Ал топтун башчысы америкалык сенатор Норм Колимен көз карандысыз комиссиянын соңку отчету алардын тынчсыздануусунун тууралыгын көргөзүп жатканына токтолуп, Аннанды отставкага кетүүгө кайрадан чакырды.

Бирок АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Адам Эрелинин билдиргенине караганда, Буштун администрациясы Кофи Аннанды колдойт. Эрелинин айтымында, Вашингтон Аннан отчетто айтылган кемчиликтерди жоёт деп күтөт жана уюмду реформалоо маселесинде аны менен иштешүүгө даяр.

Көз карандысыз комиссия өзүнүн жыйынтыктоочу документин быйыл жайда жарыяламакчы. АКШнын тергөөчүлөр болсо Ирактын мурдагы режими Азык-түлүк үчүн мунай программасынын айланасындагы коорупциядан 10 миллиард долларга жакын пайда тапкан деп эсептейт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG