Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:14

БАКИЕВ АСКАР АКАЕВДИН КООПСУЗДУГУНА КЕПИЛДИК БЕРЕ АЛБАЙТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев улуттук телеканал аркылуу 30-мартта элден түшкөн суроолорго жооп берди. Аскар Акаевдин ушул кырдаалда Кыргызстанга келишин Курманбек Бакиев каалабайт. Азыркы бийлик коррупциянын тамырын кыркып, экономикалык өсүш үчүн жан үрөп иштээрине ишенет.

Курманбек Бакиев Аскар Акаевдин азыр Кыргызстанга келгени туура болбойт деп санайт. Анын пикиринде, кызматынан четтетилген президент кайтып келсе, эл толкуп, өлкөдө кырдаал курчуп кетиши ыктымал:

- Аскар Акаевге мен өлкөгө кайтышты кеңеш кылбайт элем. Аскар Акаев келе турган болсо эл арасында толкундоолор башталат. Ошондой эле анын коопсуздугуна кепилдик бериш кыйын болуп турат.

Курманбек Бакиевге башкалаадан гана эмес, элеттен да суроолор түшүп жатат. Жер-жерлерден түшкөн суроолордун көбү пенсия жана маяналар көбөйөбү деген багытта. Премьер-министр пенсияны же айлыктарды 5-10%га көтөрүп коюп мактанганды туура көрбөйт. Андыктан эл анын үзүрүн жону менен сезгендей кылып, жок дегенде 30 пайызга көтөрөм деп убада кылды.

Түз ободо орус тилдүү калктан өз коопсуздугу үчүн тынчсызданган суроо болду. Курманбек Бакиев өлкөдөгү бүгүнкү кырдаалды туруктуу катары баалайт. Андыктан орус тилдүү калкка жана чет өлкөлүк бизнесмендерге тынчсызданууга негиз жок деп билдирди.

Президенттин милдетин аткаруучу азыркы бийлик баарыдан мурда коррупцияга каршы аёосуз күрөшөт деп ынандырууда. Курманбек Бакиевдин айтымында, 1995-96-жылдары эле Аскар Акаев Акүйдүн 7- кабатына жетти деген коррупцияга балта чабылмайын экономика да өспөйт, инвесторлор да келбейт. Андыктан азыркы бийликтин эң биринчи максаты - коррупцияга каршы күрөш.

Айрым байкоочулар Бакиевдин бул айткандарын жаңы бийликтин элди тартуу үчүн популисттик жүрүшү катары баалап жатышат.

Жогорку Кеңештин экинчи чакырылыштагы депутаты Валерий Дил бир жагынан популизм болушу ыктымал дейт. Экинчи жагынан дүйнөгө коррупцияга каршы чыныгы күрөшөөрүн көрсөтүп, биротоло жок кыла албаса да азайтышы ыктымал деген оюн билдирди:

- Жаңы премьер министр, азыр өзүн далилдөө маалы болуп жатат. Кайсы бир деңгээлде популизм болушу ыктымал. Бирок жаңы бийлик чындап күрөшүп, жок дегенде коррупцияны бир аз да болсо азайтышы ыктымал. Кыргызстан чындап эле коррупцияга малынганы айдан ачык маселе. Дал ушул кырдаал элдеги революциялык маанайга алып келди да.

Түз ободо Аскар Акаевге байланышкан бир нече суроолор болду. Курманбек Бакиев Аскар Акаев сүйлөшкүсү келген жаңы парламентке эч бир ой-пикирин таңуулай албайм деп айтты.

Анын пикиринде, эгер парламент аны менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөк болсо, анда өз эрки. Аскар Акаев Орусиянын маалымат каражаттары аркылуу жалгыз легитимдүү орган катары жаңы парламент менен гана сүйлөшөөрүн билдирген.

Кызматынан четтетилген президент парламентти гана таануу менен атайын кырдаалды курчуткусу келип атат деген ойлор бар.

Кыргызстан демократиялык кыймылынын төрагасы Жыпар Жекшеев Аскар Акаевдин Кыргызстанга келишинин кажети жок деген ойдо.

Анын пикиринде, Аскар Акаев жаңы парламент менен өкмөттүн ортосуна атайын чагым салып, кырдаалды оорлотууну көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG