Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:33

ЕККУ АСКАР АКАЕВДИ КЫЗМАТТАШУУГА, ЖАҢЫ БИЙЛИКТИ СҮЙЛӨШҮҮГӨ ЧАКЫРДЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Бишкекке Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) делегациясы келди. ЕККУнун жетекчиси, Словениянын Тышкы иштер министри Димитрий Рупел өлкөнүн мамлекеттик жетекчилиги, саясий элитасы жана атуулдук коомдун өкүлдөрү менен жолугушкандан кийин журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрдү.

Димитрий Рупел өлкөдө кырдаалды жакшыртыш үчүн ЕККУ ар тараптуу жардам берээрин билдирди. Ал эми 26-июнга белгиленген президенттик шайлоодо ЕККУ мониторинг жүргүзүп, шайлоонун таза жана адилет өтүшү үчүн өз салымын кошот.

Димитрий Рупел кыргыз парламентинин Аскар Акаев менен сүйлөшүү жүргүзүү демилгесин колдойт. Ал эми кызматынан четтетилген президент тараптан ал түшүнгөнгө караганда бир шарт коюлуп жатат:

- Балким мен жаңылышып жатам, бирок мен түшүнгөнгө караганда, Акаев мырза экс- президентке карата мыйзамдарда каралган сый мамилелердин ага карата сакталышын талап кылып жатат. Менин пикиримде, Аскар Акаевдин жалгыз талабы ушул.

ЕККУнун жетекчиси парламенттин Аскар Акаев менен сүйлөшүү жүргүзүү демилгесин колдойт. Димитрий Рупел Аскар Акаевдин полномочиелери турмушта бүткөндөн кийин эми ырасмий аякташы керек деди.

Курманбек Бакиев Акаевдин коопсуздугуна кепилдик бере албасын билдирсе, Румпел мырза да бул боюнча бирдеме деш кыйын дейт, бирок бүгүнкү жолугушууларда анын өлкөгө келишин элдин баары күтүп атканын түшүнүптүр.

Азыркы өкмөттүн легитимдүүлүгүнө карата күмөн саноолорго Рупел мырза өз оюн билдирди. ЕККУнун жетекчиси эң ириде эл колдоп жаткандан кийин азыркы өкмөттү легитимдүү деп санайт:

- Өкмөт же лидерлер элдин колдоосуна ээ болгондо гана легитимдүү боло алат. Ошондуктан азыр Бишкекте легитимдүү өкмөт иштеп жатат деп айта алам. Премьер-министрди парламент бекиткенден кийин бул өкмөт мыйзамдуу өкмөт болуп саналат.

Димитрий Рупел айрым дубандарда эки же үч губернатор, бир нече аким болуп жатканына тынчсыздануу билдирип, муну коркунучтуу жана легитимдүү эмес кырдаал катары баалады.

Журналисттер арасында Феликс Кулов боюнча ЕККУ жетекчисинин пикири кызыгуу жаратты. Димитрий Рупел эртең менен Феликс Кулов менен жолуккандан кийин ал киши президенттик шайлоого катышышы керек деген пикирге келиптир.

ЕККУнун жетекчиси Феликс Куловду актоо маселесин тез арада чечип, ага шайлоого жол ачылышы керек деп билдирди:

- Көзгө дароо урунуп аткан проблемалардын бири бул Кулов мырзанын статусу. Менин оюмча, тез арада анын юридикалык статусуна тактык киргизүү абзел. Мен бул саясатчы президенттик шайлоого катышат го деп күтөм. Тез арада дегенде, мен ал киши шайлоого катыша алгыдай кылып, тез арада акташ керек деп айткым келди.

Димитрий Рупел азыркы лидерлер ортосунда болуп жаткан атаандаштыкка тынчсыздануу билдирди. ЕККУ уюму иштин нугун бул атаандаштык бара-бара концепциялардын атаандаштыгына айланышы жагына бурууга аракет кылмакчы.

ЕКУУ жетекчиси жолугушууларда өкмөт мүчөлөрүн, атуулдук коомду жана саясий лидерлерди биримдикке чакырды. Ал эми Аскар Акаевди азыркы жаңы бийлик менен кызматташууга, экинчи тарапты болсо Акаев менен сүйлөшүүлөргө чакырып, экс-президентти четтетип салуу менен бул маселени чечүү аракетинин коркунучтуулугун эскертти.

XS
SM
MD
LG