Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

АСКАР АКАЕВДИН КАЙРЫЛУУСУНА ОРУСИЯЛЫК ТАЛДООЧУ ХАНЖИНДИН ПИКИРИ


Муса Мураталиев, Москва Орусиядагы үналгы, сыналгылар аркылуу Кыргызстандын кызматынан четтетилген президенти Аскар Акаев бир нече жолу сүйлөдү. Ал сөзгө кулак төшөгөн орусиялык саясий чөйрөдө ар кыл пикирлер пайда болууда. Мурунку күнү журналист Ядвига Юфированын пикирин берген элек. Бул жолу Борборазия жана Кавказ жумурияттарынын ички саясий абалына туруктуу көз салуучу Юрий Ханжиндин пикири менен тааныштырабыз.

ММ: - Кызматынан четтетилген президент Аскар Акаев орус басма сөз каражаттары аркылуу өз оюн тарката баштады. Анын пикири боюнча Кыргызстанда көз жарган ыңкылап демократиялык жолдо болгон жок, мыйзам чегинен чыккандыкка орун берилди. Ал өлкөнүн жаңы жетекчилигин тааныбады. Ошол эле учурда Жогорку Кеңешти азыркы туштагы легитимдүү бийлик катары тааныды. Ушуга сиз кандай ой айтасыз?

ЮХ: - Легитимдүү дегени кандай? Мобуреки, үстүбүздөгү жылдын март айында алдоо жолу менен өткөрүлгөн бир палаталуу Жогорку Кеңешти шайлоо легитимдүү болуп кетиппи? Акаев мырза ал парламентке өз тууган-туушкандарын ушунча көп шайлаткандыктан алардын саны оппозициядагылар эсебинен ашып түшкөн. Анан кайдан жүрүп мыйзамдуулук кеп болот? Бул жерден акаевдер бүлөсү кантсе да Бишкек базарларын гана эмес Жогорку Кеңешти да менчиктеп алган дешке болот.

ММ: - Бирок жаңы шайланган Жогорку Кеңештин мыйзамдуулугун биринчи болуп оппозиция өзү тааныбадыбы?

ЮХ: - Алар (эки тарап тең – ММ) Кыргызстан элинин эсебинен марышкан эски ишмерлер болуп эсептелет. Бир эле мисал. Бишкектеги эски аба майдандын жанында “Падышалар айылы” деген ажайып кыштак бар. Ал жерге өлкөнүн жаңы элитасы кол жеткис кымбат баадагы үйлөрдү салдырышты. Арасында Акаев жана анын туугандары, анын дос тамырлары бар.

ММ: - Бул күндөрү орус маалымат каражаттарында кызматынан четтетилген президент Акаев эч кандай алдым жуттумга барган эмесмин, бул ыңкылаб тушунда дайыма болуп жүрчү ушак айың деди. Акаев мырзанын жообу сизди ынанттыбы?

ЮХ: - Ал табигый көрүнүш, мен ири өлчөмдө акча уурдасам, азыр анча акчаны мен уурдадым дей алат белем? Жок. Көз болжолу менен эле билсе болот. Дейли, менин үч кабат үйүм бар. Менин көптөгөн машинелерим бар. Эмерек кечем кыйла бар. Компанияларым бар. Алардын баары кайдагы акчага келди? Анын сыңарындай Акаев мырзадан да “булар кайдагы акчага келген?” деп суроо керек. Президент алуучу айлыкка мынча байлык эч убакта келмек эмес. Мына ушул кызык. Ошондой эле, эмне себептен сиздин туугандарыңыз бүтүндөй көрүнүктүү ишкерлер? Ушунчалык ишкерлер экен тим эле аларды шак Жогорку Кеңешке шайлашты? Мунун демократияга сыйган жагы жок. Бул кандайдыр бир бетти кызарткан иш.

XS
SM
MD
LG