Кайрылуунун мазмуну менен Бишкекте 31-мартта болгон Украинанын тышкы иштер министри Борис Тарасюк тааныштырды. Катта революцияны экспорттоо мүмкүн эмес экендиги белгиленет. Виктор Ющенко менен Михаил Саакашвили Украина менен Грузияда кан төгүүсүз өткөн революциялардын мезгилинде грузиндер менен украиндерге "бүт дүйнө силерди сыймыктануу менен карап турат, ушул урматка татыктуу болгула" деп көп айтышчу экендигин, Кыргызстандын элине да ушул эле сөздөр менен кайрылышаарын белгилешти.