Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

ГРУЗИЯ МЕНЕН УКРАИНАНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛЕРИ БИШКЕКТЕ


31-мартта Кыргызстанга Украина менен Грузиянын тышкы иштер министрлери Борис Тарасюк менен Саломе Зурабишвили келди. Алар Бишкекте президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Курманбек Бакиев, тышкы иштер министри Роза Отунбаева жана парламент төрагасы Өмүрбек Текебаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстанга жардам берүүгө даяр экендиктерин айтышты.

31-марттагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргызстандын, Грузия жана Украинанын тышкы иштер министрели Роза Отунбаева, Саломе Зурабишвили жана Борис Тарасюк маалымат жыйынын өткөрдү. Анда айтылгандай Грузия, Украина министрлери бул эки өлкөнүн президенттери Виктор Ющенко жана Михаил Саакашвилинин демилгеси менен келишкен.

Алар Бишкекте өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев, парламент төрагасы Өмүрбек Текебаев, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов менен жолугушту. Анда Кыргызстандагы азыркы абалдан чыгуунун жолдору, Грузия менен Украинанын жардамы жөнүндө сөз болду.

Маалымат жыйынын ачкан Роза Отунбаева кыргыз оппозициясы Грузия жана Украинадан ыңкылапты импорттобогонун, Акаев азыр билдирип жактандай аны жок кылуу жөнүндө сөз болбогонун белгилеп, Кыргызстанда элдик ыңкылап болгонун дагы бир ирет жарыялады. Бирок Украина жана Грузиядагы өзгөрүүлөр бизге таасирин тийгизди деп билдирди Роза Отунбаева:

- Албетте, Украина жана Грузиядагы өзгөрүүлөр биз оң таасир этти. Биздин чириген, келечеги жок жана эл араң көтөрүп турган режим кетиш керек деген оюбузду бекемдеди, чечкиндүүлүгүздү арттырды.

Ал 24-марттагы окуяны элдик ыңкылап деп атоо менен, талап-тоноолорду мурунку бийликтин чагымчыл топтору уюштурган деп белгиледи.

Р.Отунбаевадан кийин сөз алган Грузия тышкы иштер министри Саломе Зурабишвили Кыргызстанга президенттер Саакашвили жана Ющенконун демилгеси менен келишкенин жана максаты Кыргызстандагы демократиялык жараяндарга жардам көрсөтүү экендигин билдирди:

- Биз премьер-министр, парламент төрагасы менен олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Биздин максат - Кыргызстанга колдон келишинче жардам берүү. Анткени мындай окуялар биздин башыбыздан да өтпөдүбү.

Ал эми Украинанын тышкы иштер министри Борис Тарасюк Украина жана Грузия президенттеринин кыргыз калкына кайрылуусун окуп берди. Анда акыйкатсыз шайлоолор үч өлкөдө ыңкылапка шыкак гана болгону белгиленип, азыркы кыйчалыш абалдан Кыргызстандын түз чыгуусуна тилектештик билдирилген:

- Кымбаттуу кыргыз достор, биз Украина жана Грузия калкынын атынан силерге кайрылып, ысык колдообузду жана тилектештигибизди билдиребиз. Биздин өлкөлөрдө ыңкылап болуп жатканда, дүйнө жүзү силерге шыктануу менен карап турат деп көп айтышкан. Биз азыр айтабыз, силерге азыр дүйнө жүзү карап турат. Ошондуктан, биз демократияга карай оңой эмес жолдо ийгиликке жетүүңөргө тилектешпиз. Биз ЕККУнун Кыргызстандагы аракетин колдойбуз.

Андан кийин үч министр журналисттердин суроолоруна жооп берди. “Азаттыктын” кабарчысынын «Абалдан чыгуунун кандай жолун сунуш кылдыңыздар, Акаев менен сүйлөшүүбү?» деген суроосуна Укранина министри минтип жооп берди:

- Биздин жолугушууларда белгилүү болгондой азыркы бийликте абалдан чыгуу үчүн жетиштүү саясий эрк, каалоо жана тажрыйба бар экен. Бирок бизде өзүбүздүн президенттерге сунуш кыла турган нерсе да пайда болууда. Биздин ойго караганда, эки президент Кыргызстандын жаңы жана эски бийлигинин ортосунда байланыш түзүүгө көмөгүн көрсөтө алат.

Анын айтымында, кыргыз өкмөт башчысы менен сүйлөшүүдө Кыргызстан менен Украинанын соода-экономикалык алакасын жандантуу маселеси талкууланган. Роза Отунбаеванын айтымында, Киев үрөн жана буудай жактан жардам бермекчи. Ошондой эле Кыргызстанда бир катар ишкерлик долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Украин министринин айтымында, Киев менен Тбилиси “Демократиялык тандоо” деген бирикме түзүштү. Ал КМШ аймагында демократиялык принциптердин, адам укуктарынын сакталышына көзөмөл салмакчы. Кыргызстан бул бирикмеге кирээр-кирбеси азырынча белгисиз, деди Роза Отунбаева.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Бишкек мындан ары да АКШ, Россия жана Кытай менен кызматташуусун улантаарын белгилей кетти.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG