Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:01

НАРЫН ТЕЛЕРАДИО КОМПАНИЯСЫНЫН АЙЛАНАСЫНДАГЫ КЫРДААЛ


Нарын облустук телерадио компаниясынын айланасындагы кырдаал эмгек жамаатынын арасында жана коомчулукта пикир келишпестикти жаратууда.

28-мартта Нарын телерадио компаниясынын он үч кызматкери губернатордун орунбасары Айнагүл Чалабаеванын кабыл алуусунда болушуп, 26-мартта болуп өткөн таза шайлоо аттуу демилгелүү топтун айрым адамдарынын талабын мыйзам ченеминде чечип берүү менен кайрылышты.

Алар компаниянын төрагасы Барктабас Белековдун арыз жазып бергендигине каршы экендиктерин билдирген катты Курманбек Бакиевге, Ишенбай Кадырбековго жана Улуттук телерадиокорпорациясына жөнөткөндүктөрүн маалымдашты. Болуп өткөн сүйлөшүүдө Барктабас Белеков маселе бир жаңсыл чечилмейинче ишке чыкпастыгын билдирди.

Ал эми компаниянын эмгек жамаатында болсо пикир келишпестиктер пайда болду. Кабарчы Нурзат Ишенканова:

- Азыр башы жок бака, көзү жок көгөн болбой жетекчибизди билип турабыз. Качан мыйзамдуу түрдө бизге жетекчи шайлап берет, ошондо гана иштейбиз. Биздин талап ошол. Бул жерде Субан Исакеевдин же Барктабас Белековдун ким экендигин талдаш эмес.

Ал эми компаниянын жетекчилигинин милдети жүктөлгөн Субан Исбакеев:

- Бул маселеге карата менин пикирим мындай, элге агитацияны жүргүзбөй, маалымдоону жүргүзүш керек. Мен ушул багытта иштегенге чакырат элем. Нарын телеси аткаруу бийлигине баш ийбеш керек. Бул заман өттү.

Түштөн кийин карама-каршы пикирлердеги бир нече аял Нарын телерадиокомпаниясынын имаратына келишип, журналисттердин иш аракеттерине тоскоолдук кылышты.

Элдин өкүлдөрүбүз деген эки көз караштагы адамдар бир мунасага келишкен жок:

- Мен Кыштобаева Гүлмира демилгелүү топту баштап Айнура экөөбүз жүрөбүз. Бул жерде эки бөлүнүү болуп атат. Ишенбай Кадырбековдун кишилери өз билген талкандарын чалып атат. Бирөөнүн жеп аткан талканын оозунан жулуп алганга тетелүү кылып атышат. Ошондуктан биз кайрылуу жазып алып мыйзамдын чегинде чара колдонолу деп Бакиевге эртең эртең менен жөнөгөнү турабыз.

- Биз Чалабаевага кайрылып атабыз. Кайрылуубуздун себеби өзүңүз катышкан жыйыналышты толугу менен Нарын телекөрсөтүүсү тарткан эле. 27-марттагы берүүдөгү Белеков Барктабас “өзүм деле отставкага кетмекмин. Азыр отставкага арыз жазып беремин” деген. Сүйлөгөн сөзү эфирге бөлөкчө монтаждалып чыгарылды.

Тараптардын акийнеги ички иштер кызматкерлеринин кийлигишүүсүнөн кийин жөнгө салынды.
XS
SM
MD
LG