Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:17

24-МАРТТАГЫ ЫҢКЫЛАПТА КАЙСЫ САЯСИЙ КҮЧТӨР НЕГИЗГИ РОЛДУ ОЙНОДУ?


24-мартта Кыргызстанда бийлик алмашты. Оппозиция өкүлдөрү аны элдик ыңкылап десе, кызматтан кеткен бийлик өкүлдөрү төңкөрүш катары баалашууда. Кандай болгон күндө да Кыргызстан үчүн тагдыр чечүүчү бул окуяда кайсы саясий күчтөр негизги ролду ойноду?

4-мартта башталып, 24-мартта соңуна чыккан Кыргызстандагы саясий окуяны көпчүлүк саясий күчтөр элдик ыңкылап деп баалоодо. Бирок мына ошол окуяларда элге баш-көз болгон саясий күчтөр, инсандар болгону белгилүү. Маселен, 4-мартта Жалалабатта Кыргызстан элдик кыймылынын демилгеси менен нааразылык акциясы башталган.

Андан кийин “Атажурт” кыймылынын мүчөсү Дүйшөн Чотонов жана Анвар Артыков Ош шаарында нааразылык акциясын улантышты. Бул акцияларга оппозициядан Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Ишенгүл Болжурова үзгүлтүксүз катышып турушту. Мына ошол Жалалабаттагы элдик курултайда оппозиция лидерлери Аскар Акаевдин кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетиши жөнүндө талапты коюшуп, аны өлкөдөгү беш ири саясий күчтөр түзгөн Саясий лидерлер форуму атынан Роза Отунбаева жана Ишенгүл Болжурова колдоду.

Түштүктөгү абал бийликтин көзөмөлүнөн чыккандан кийин борбордогу бир катар саясий күчтөр Максим Горькийдин эстелигинин алдында нааразылык акциясын өткөрүүгө бел байлашты. Кочкор жана Таласта болсо Акылбек Жапаров менен Равшан Жээнбековдун шайлоочулары адилеттүүлүктү талап кылган бойдон турушту.

“Атажурт” кыймылынын лидери, тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева ошондуктан Кыргызстандагы ыңкылапты турмушка ашырууда “Атажурт” жана Кыргызстан элдик кыймылы негизги ролду ойноду деп билдирди.
Кыргызстан элдик кыймылына кирген Коммунисттик партиянын лидери Николай Байло ыңкылапта саясий блоктор менен катар инсандар чоң рол ойногунун белгиледи:

- Саясий партиялардагы инсандар өзүн көрсөтө алды. Алар Кыргызстан элдик кыймылы жана Координациялык кеңешке биригишти. Ошентип ыңкылап кээ бир инсандардын таасири жана элдин демилгеси менен ишке ашты.

Ал эми “Элет” партиясынын лидери Накен Касиев башкы ролду эл ойноду деп билдирди:

- Эң биринчиси элдин кыймылы күчтүү болду. Менимче, бийликке келген азыркы күчтөр өздөрүнүн ролун көрсөткүсү келип жаткандыр. Бирок менин оюмча эң негизгиси эл мындай акыйкатсыз, чыдамсыз, мыйзамсыз бийликке чыдабай көтөрүлдү. Ошондуктан муну элдин жасаган иши деп ойлойм.

Ушундай эле маанайдагы пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов билдирип, ыңкылапта саясий күчтөр элди ээрчип калды деген оюн ачыктады:

- Мен бир гана күчтү - элди гана белгилей алам. Ал эми калган күчтөр элдин артынан ээрчип жүрдү.

Жергиликтүү талдоочулардын пикиринде, Акаевдин бийлиги күчүндө турган мезгилде ага ачык каршы чыгып, элге баш-көз болгондор чындыгында эле саясий инсандар болду. Дал мына ошолор 24-мартта Ош базарынан жана Көкжар тараптан элди баштап, Алатоо аянтына алып келди. Ал эми ал жердеги бийлик тарабынан атайын даярдалган чагымчылар аракети Акүйдүн кулашын тездетти.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG