Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

ЧОЛПОН БАЕКОВА КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМАНЫ СУНУШ КЫЛДЫ


Конституциялык cоттун төрайымы Чолпон Баекова ишемби күнү Кыргызстандын баш мыйзамын реформалоо демилгесин көтөрдү. Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалды эске алган мындай демилгени саясатчылар ар кыл өңүттө талдап жатышат.

Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованын пикиринде, Кыргызстандагы азыркы кырдаал сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндөгү аракеттерди, ага жараша демократияны орнотуу үчүн 1993-жылы кабыл алынган Конституциядагы конкреттүү милдеттерди ишке ашырууну талап кылып жатат:

- Ушуга байланыштуу Кыргызстандын жаңы барагын мамлекеттик бийлик түзүлүшүнүн мамлекет менен жеке адамдын коррупцияга, жардылыкка,трайбализм принцибиндеги кадр саясатына орун болбогудай мамилесин калыптаган ачык жана түшүнүктүү механизмдерин иштеп чыгуудан баштоо зарыл экендиги тууралуу билдирүүнү мен атуул жана адам катары милдетим деп эсептейм.

Баекованын пикиринде, бул милдетти аткаруу үчүн жаңы Конституциялык кеңешме түзүлүшү керек. Жаңы Конституция тигил же бул саясий кызыкчылыгы бар жеке адамдардын эмес, элдин кызыкчылыгын чындап коргоого жөндөмдүүлүгү менен айырмаланышы зарыл. Бул өңүттөн алганда Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу сөз кылууга болбой калат. Анткени карама-каршылыктар көп болору шексиз:

- Конституциялык кеңешмени чогултканда биздин азыркы мезгилдеги талаптарга жооп бере турган жаңы Конституция тууралуу маселе коюлушу мүмкүн.

Баекова конституциялык реформанын чукул башталышын жактайт:

- Менимче, бул ишти токтоосуз башташ керек. Анткени мен муну акыркы күндөрдөгү окуялардын сабагы катары санайм.

Баекованын Конституцияны реформалоо жөнүндөгү демилгеси саясий чөйрөдө ар кыл көз караштарды пайда кылууда. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты, 2002-жылдагы Конституциялык кеңешменин мүчөсү Темир Сариевдин пикиринде, Кыргызстандагы азыркы кырдаал конституциялык реформанын зарылдыгын далилдөөдө. Бирок саясатчы Конституциялык кеңешменин 2002-жылдагы кейпинде иштөөсүн жактабайт.

Баш мыйзамга акыркы ирет 2002-жылы Аксы окуясынан кийин өзгөртүү кирген. Ал кездеги президент Аскар Акаевдин демилгеси менен түзүлүп, иштеген Конституциялык кеңешменин айрым мүчөлөрү кийинчерээк алардын укуктарын президент түзгөн эксперттик топ чектеп койгондугун жарыялашкан. Анктени Конституциялык кеңешменин көп сунуштары президент түзгөн эксперттик топ тарабынан алынып салынган.

Баекова болсо ушундай баш аламандык, шек туудурган, суроо жараткан жагдайлар болбошу үчүн жаңы Баш мыйзам бардык бийлик бутактарынын укук-милдеттерин так аныктагандай, аны жарандар жана тараптар кыйшаюусуз аткаргыдай деңгээлде даярдалышы керек деген ойдо.

Ал эми легендарлуу парламенттин депутаты Бегиш Ааматов азыркы Конституцияны жеке адамдын кызыкчылыгын коргогон мыйзам катары санайт. Бул өңүттөн алганда ал Чолпон Баекованын демилгесин жактайт. Бирок Ааматовдун пикиринде, жаңы мыйзам жазуунун эч кандай кажети жок. Анын ордуна 1993-жылы жазылып, бирок жеке кызыкчылыктардан улам иштебей калган Баш мыйзамды калыбына келтирүү керек. Мындай ишти Конституциялык кеңешме эмес, парламент жана президент аткарышы керек:

- Азыркы кырдаалда 1993-жылкы баш мыйзамды Конституциялык сот ордуна коюп коюш керек.

Баекованын демилгесин толук колдобой тургандыгын ушул эле күнү «Азаттыкка» берген интервьюсунда президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Курманбек Бакиев билдирди. Анын айтымында, президенттик шайлоонун ары-бери жагында мындай саясий өнөктүктүн кереги жок:

- Президенттик шайлоо бүтүп, жаңы президент ишке киргенден кийин Конституцияны караш керек. Өзгөртө турган беренелер бар. Бизде Конституция негизги мыйзам, аны ар жылы же беш жылда бирден өзгөртө берүү туура эмес деген саясат болушу керек.

Бул жагынан Бакиевдин көз карашына Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболовдун пикири үндөш чыкты:

- Конституциялык реформа президенттик шайлоого чейин реалдуу болбой калат го.

Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова уюштурган маалымат жыйынында белгилүү болгон дагы бир өңүт – 26-июнга белгиленген президенттик шайлоо 2002-жылы кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясынын чегинде өтөт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG