Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

АКАЕВДИН КЫРГЫЗСТАНГА КАЙТЫП КЕЛИШИ КЫРДААЛДЫ ТАТААЛДАШТЫРАБЫ?


Кожогелди Култегин Кыргыз Республикасынын кызматтан четтетилген президенти Аскар Акаев учурда Кыргызстанга кайтууга кызыгдарлыгын билдиргендигине жана аны менен ырасмий жолугушуп сүйлөшүүгө парламенттик комиссия түзүлгөндүгүнө байланыштуу өлкөдө кооптонуулар пайда балууда. “Акаев азыр Кыргызстанга кайтып келсе кырдаал кайра татаалдашабы?” деген суроо кырынан коюлуп турат.

Ыңкылаптын алгачкы күндөрүндө Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев - качып кеткен боюнча Кыргызстандагы кырдаалга байланыштуу эч жерден эч бир үн катпаган Аскар Акаев тууралуу:

- Тезирээк а киши өзүнүн үнүн чыгарып, өзүнүн сөзүн айтса жакшы болот эле. Кыргызстан Аскар Акаевдин атамекени, туулуп-өскөн жери. Баары бир келет... - деген.

Кыргызстандын кызматтан четтетилген президенти Аскар Акаев беш күндөн соң биринчи жолу “Эхо Москвы” радиосуна телефон аркылуу интервью берип, мындай деген эле:

- Качан өлкөдө конституциялык тартип, эркиндик жана укук болгондо, качан жеке мага, үйбүлөмө коопсуздук кепилденсе, мен сөзсүз өз тууган жерим - Кыргызстанга кайтам.

Ошондон кийин Кыргызстандагы мамлекеттик жана саясий күчтөрдүн аракетинде кыйла жандануулар, өзгөрүүлөр пайда болду. Бул айрыкча жаңы шайланган Жогорку Кеңештин, анын спикери Өмүрбек Текебаевдин Аскар Акаевге жолугуп-сүйлөшүү далалатын жасай баштаганынан улам да жаралгандай таасир калтырды. Маселен, Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Аскар Акаевдин кайтып келүүсүнө байланыштуу кийин мындай оюн билдирди:

- Азыркы мезгилде президенттин Кыргызстанга келиши туура эмес болуп калат. Себеп дегенде, анын коопсуздуна мен аябай тынчсызданып турам. Ага кепилдик бериш кыйын..

Аскар Акаев, эгер жагдай-шарт туура келсе, Кыргызстанга азыр кайтууга кызыгдар экендигин апрелдин алгачкы күнү “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда да бышыктады. “Эгер Акаев келе турган болсо, өлкөдө кандай кырдаал жаралат?” - деген суроого Ноокат райондук кеңешинин депутаты Мухтар Бостонбаев мындай көз карашын билдирди:

- Ал качкын. Андай адамдарга кыргыздар катуу чечим чыгарышкан. Аны апкелсе кайра абал курчуп, Акаевдин адамдары да чыгышы мүмкүн. Ошондуктан Акаевге барыштын дагы кереги жок, аны апкелиштин дагы кереги жок.

Айрым кишилер Аскар Акаевдин азыркы эле эмес, келечектеги коопсуздугун сакташ үчүн да анын азыр Кыргызстанга алынып келинишин оң көрөт. Урмат Сарыбаевдин пикири:

- Акаевдин азыр келгени туура. Болбосо аны бир жактуу каралап ташташы мүмкүн. Анын иштерин эл аралык эксперттер текшерип-териштириши керек.

Учурда Жалалабатта эл менен жолугушуп жүргөн экс-депутат, ЭрК партиясынын лидери Бектур Асанов бул маселеге байланыштуу телефон менен мындай байкоолорун айтты:

- Эгерде Аскар Акаев ушу кезде кайтып келе турган болсо, анда Кыргызстанда миллиондой киши көчөгө чыгат. Азыр ар бир атуул ыңкылаптын жеңишин сактап калууга жан аябай аракеттенип жатат. Акаевди апкелем деген күчтөр да кийин Кыргызстанда жашай албай калчудай кырдаал түзүлүп калышы ыктымал.

Акаевдин үйбүлө мүчөлөрүнүн коррупцияга байланышы туурасындагы маалыматтардын башын чыгарган Вице-премьер-министр Данияр Үсөновдун 1-апрелдеги пресс-конференциясы да Аскар Акаевдин учурда Кыргызстанга кайтып келүүсүнө каршы пикирлерди жараткандай. Анын келиши менен ачык текшерүүлөр токтоп калышы мүмкүн деп чочулаган Бишкек шаар тургуну Сонунбүбү Калчаева андан аркы сөзүн мындайча улантты:

- Акаевдин үйбүлөсү чыныгы коррупционерлер экендиги айтыла баштады. Кечээ эле Данияр Үсөнов да айтты. Дагы айтылат. Эми аларды, эгер келе турган болсо, эл “тытып-жеп” коюшу мүмкүн.

Акаев менен сүйлөшүү жүргүзүүгө да каршы пикир билдиргендер учурда арбын.

XS
SM
MD
LG