Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:49

УКРАИНА АМЕРИКАНЫН ЖАКЫН ШЕРИГИ БОЛО АЛАБЫ?


Баян Жумакадыр кызы, Прага Шейшемби күнү Украинанын президенти Виктор Юшенко АКШга визитин улантты. Дүйшөмбү күнү Юшенко президент Жорж Буш менен жолугушуп, эки тараптын орток кызыкчылыгындагы бир катар маселелерди талкуулады. Алдыдагы бир нече күндүн ичинде Украин мамлекет башчысы вице-президент Дик Чейни, тышкы иштер министр Кондолиза Райс жана коргоо министри Дональд Рамсфелд менен жолугушат. Шаршемби күнү Юшенко Конгресстин эки палатасынын биргелешкен жыйынында сөз сүйлөйт.

Бир сааттан ашык созулган сүйлөшүүнүн учурунда Украинанын мамлекет башчысы Украинанын Ирактагы аскердик миссиясын токтотуу туралуу чечимин дагы бир жолу ырастап, ал эми Буш өз кезегинде АКШ Ирактагы аскердик аракеттерин коалиция эки эсеге азайган күнү да уланта бере турганын бекемдеди. Украина Ирактагы 1650 аскерин чыгарып кетүү менен Украин элинин талабын аткарып жатканын Американын президенти жакшы түшүнүп турганын айтты.
Арийне Украинанын Ирактагы аскерлерин чыгарып кетүү жөнүндөгү чечими АКШны ирээнжитпей койгон жок, бирок ошого карабастан Украина менен Америка жетекчилигинин мамилеси кескин жакшырып кеткендиги байкалат. Экономикалык Чалгындоо Бирикмесинин кызматкери Стюарт Хензель Иракка украин аскерлерин жиберүү чечими экспрезидент Кучманын учурунда эле кабыл алынганын, бирок бул кадам Кучманын АКШ менен жакындашып кетүүсүнө жетиштүү өбөлгө болуп бере албаганын билдирет:

Кучма Ак үйгө визит менен чакырылууга эч качан татыктуу болгон эмес. Анын экинчи президенттик мөөнөтүнүн учурунда чыккан чатактар Иракка аскер жибергенинин баркын көтөрө алган жок,- дейт серепчи.

АКШ менен антитеррордук коалицияга кирген өлкөлөрдүн ичинен Ирактан өз аскерлерин былтыр Испания чыгарып кеткенин, азыркы тапта Польша 2400дөй аскерин чыгарып кетип атканын, сентябрга чейин Италия дагы 3000дей аскерин чыгарып кетүүгө ниеттенип жатканын кошумчалай кетүү абзел.
Бирок Украинанын алдыда айтылган жагымсыз чечимине карабастан Буш Украина АКШнын жакын шериги болуп кала бере турганын жана анын өлкөсү Украинага каршы советтик доордо киргизилген санкцияларын токтотуп, Украинанын Дүйнөлүк Соода Уюмуна кабыл алынуусуна кол кабыш кыла турганына ишендирди. Ошондой эле ал Америка Конгрессинен Украинага 60 миллион долларлык жардам берүүнү суранганын кошумчалап, расмий Вашингтон Украинанын Еврошаркет менен НАТОго мүчө болуп кабыл алынуусуна колунан келишинче жардам бере турганын айтты.

Бирок айрым серепчилер АКШнын мындай айкөлдүгү реалдуу чаралар менен коштолорунан күмөн санашат. Киевдин Мохила академиясынын профессору Игорь Лосев Украинага ого эле катуу жан тартуу менен Вашингтон Москва менен мамилелерин бузуп алуусу мүмкүн дейт.

Украина менен дос болом деп Вашингтон Россия менен дурус ымаласын тобокелге сала бербейт-дейт серепчи.

Ал эми Киевдеги Тынчтык Борбору, Конверсия жана Тышкы саясат институтунун директору Олександр Сушко көптөгөн украиндер АКШнын Украинага чын ыклас мамиле кылып жатканына анчейин ишенбей турганын айтат.
Коомчулуктун кеңири катмарлары АКШга ишенбестик менен мамиле кылат. Анткени алар АКШны дүйнө өлкөлөрүнүн ички саясий турмушуна обу жок кийлигишкен супердөөлөт деп эсептешет,- дейт Сушко.

XS
SM
MD
LG