Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Урайым Ташиевдин айтмында, денесине жана башына тийген октон милициянын полковниги Уран Алиев окуя болгон жерде жан берген. Ал эми анын айдоочусу Дилшат Сайдуллаев курсак тушунан алган жараттан улам оор абалда ооруканага жеткирилген. Шаардын баш милициясынын милдетин аткаруучу Урайым Ташиев кылмыштын себептери тууралуу азырынча эч нерсе айталбастыгын билдирип, окуяга комментартий берүүдөн баш тартты. Ал эми өздүк курамдын айрым кызматкерлери полковник Уран Алиевдин өлүмүнүн кызматтык абалынын байланышы бар деген божомолдорун билдирүү менен, аны адамкерчилиги жана кесиптик даярдыгы жогору кызматкер катары эскеришти:
- Уран Алиев өзү билимдүү, өз кесибин сүйгөн адис болчу. Кандай кылмыш болсо дагы ошол кылмышкер сыртта жүргөнүн каалоочу эмес. Ошол кылмыштын бетин ачууга дайыма умтулчу. Азыр андай-мындай деп айтыш кыйын, тергөө көрсөтөт - дейт Ош облустук ички иштер башкармасынын башчысынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев.
Ал эми жергиликтүү аналитик Абдувахап Мониев, полковник Уран Алиев коррупциялашкан күч органдарынын жана көзөмөлдү колго алууга аракеттенген кылмыштуу топтордун курмандыгы болду деген пикирин билдирди:
- Уран Алиевдин өлүмүнүн себеби жөнүндө жалпы Кыргызстандагы акыбалды, мезгилди иликтеп карап туруп, мындай кылмыштар коррупциялашкан бийлик адамдарынын жана бийликтен тышкаркы криминалдык топтордун өзүнчө “разборкасы”. Кызмат талашуу иштерине байланыштуу болушу мүмкүн деп алдын ала айтууга мүмкүн.
Жергиликтүү талдоочу Абдувахап Мониев ынкылаптан кийинки түзүлгөн кырдаал мындан ары да кызмат талашууга байланышкан кылмыштардын көбөйүшүнө шар түзүшү мүмкүн деген божомолун билдирди:
- Кыргызстандагы өткөн элдик революциядан кийинки мындай кайгылуу көрүнүш жалпы мекенибиздин, элибиздин алдында дагы бир чоң коркунучта тургандыгын каңкулап турат. Бүгүн ачуу чындыкты ачык эле айтыш керек, Кыргызстанда анархия, хаос өкүм сүрүп жатат. Ошонун негизинде кызмат бөлүштүрүү, талашуу негизинде кайсы бир деңгээлде үлүшү бар ушундай кылмыштардын болуп жатышында - деди жергиликтүү талдоочу Абдувахап Мониев.