Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО КҮЗГӨ КАЛАБЫ?


Аскар Акаев президенттик кызматын ырасмий тапшыргандан кийин дароо мурда белгиленген президенттик шайлоону күзгө которуу маселеси көтөрүлдү. Бул ириде Кыргызстандагы бүгүнкү курч кырдаал менен байланыштырылууда. Маселени саясий чөйрө колдооруна демилгечи тараптын ишеними бар. Бирок аны Жогорку Кеңештин бул демилгеге мамилеси жана Аскар Акаевдин арызына байланышкан талкуунун тыянагы аныктайт.

Саясатчылар Аскар Акаевге импичмент жарыялоо, кылмыш жообуна тартуу же арызын кабыл алып, экс-президенттик ыйгарым укугун калтыруу маселелерин чакан чөйрөлөрдө кызуу талкуулап жатышат.

Мамлекет башчы, куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы саналган Акаевди 24-марттагы кыйын кырдаалда өлкөнү таштап кеткени үчүн кылмыш жообуна тартуу керек дегендердин бири депутат Дооронбек Садырбаев.

Депутат мындай жорук өлкөдө кайталанбаш үчүн мындан аркы кадамдарды жети өлчөп жасоо керектигин белгилейт. Ошол себептен ал президенттик шайлоону күзгө которуу тууралуу саясий чечим кабыл алып, бул аралыкта Баш мыйзамды иретке келтирүүнү сунуштап жатат:

- Президенттик шайлоону июнь айына белгилөө кайрадан толкундоолорду, түндүк-түштүк болуп бөлүнүүлөрдү, кайрадан «келе бакан, куу союлду» жаратат. Ошондуктан, жаманбы-жакшыбы турукташуу болуп атканда Конституцияны, Шайлоо кодексин иретке келтирүү керек.

Садырбаевдин айтымында, октябрга чейин өлкөнү жеке адамдын, анын үй-бүлөсүнүн башкаруусуна берген, өлкөнү кыйын кырдаалга жеткирген, аны шарттаган бардык бийлик өкүлдөрү жоопко тартылышы, Конституциялык соттун башчысы кызматтан кетиши жана анын ордуна калыс төрага келиши керек:

- Кыргызды ушул акыбалга алып келген административдик ресурстун ээлерин, Кыргыз мамлекетинин экинчи, үчүнчү пландагы жетекчилеринин бардыгы жазасын алмайынча, жок дегенде кылмыш иши козголмоюнча, кайрадан эле 2000-жылкы Акаевдин шайлоосу болот.

Садырбаевдин сунушунда негиз бар экенин ушул эле күнү Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбеков да билдирди. Бирок, ал мындай демилгени экономикалык өңүттө гана колдойт:

- Социалдык-экономикалык абалды оңдоп алалы деп ойлосок, октябрда, президенттик шайлоого барсак дегендин да рационалдык угуту болуп атат. Муну деле ойлонуп көрсөк деген ой бар.

Кыйла саясатчылар мындай демилгени мыйзамга каршы орунсуз сунуш катары сыпатташууда:

- Бардыгы Конституция чегинде болушу керек. Конституцияда жаңы президенттик шайлоо үч айдан кем эмес убакта өтүш керек деп жазылып турат, - дейт демилгени колдобогон депутаттардын бири Акматбек Келдибеков.

Ал эми депутат Темир Сариевдин оюнда Кыргызстан үчүн 24-мартта алынган саясий чечим жетиштүү, тескерисинче, мындан ары мыйзамдын сакталышына катуу көзөмөл жасоо керек:

- Эртең дагы бир чечим болушу мүмкүн: кой элди бөлбөй эле, саясий чечим кабыл алып, он жылга бирөөнү макул деп коелу, иштей берсин, шайлоонун кереги жок, шайлоо элди жарат экен, бузат экен, чаң тополоңго алып келет экен десек, ал да аргумент да туурабы?, - дейт сунушка кескин каршылыгын билдирген депутат Темир Сариев.

Сариевдин ою депутат Искак Масалиевди да ынандырат. Анын баамында президенттик шайлоонун айланасында ар кыл демилгелерди көтөрүү аркылуу саясий күчтөр саясий оюн жүргүзүп жатышат, президенттик шайлоонун 26-июнга белгилениши мыйзамдуу, ошондуктан, ар кандай демилгелерди көтөрүүнүн зарылдыгы жок.

Ошол эле учурда парламентте президенттик шайлоо күнүн Акаев кызматын өткөрүү тууралуу арызга кол койгон күндөн баштап Жогорку Кеңеш кайра дайындаш ыктымалдыгы алда канча ишенимдүү айтылууда.
Анткен менен, президенттик шайлоого байланыштуу чаташып турган бардык маселелердин түйүндөрү парламент Аскар Акаевдин арызын карагандан кийин чечилет.

Ал эми «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилованын пикиринде, президенттик шайлоону октябрга которуу маселеси Акаевдин арызына байланышкан чечимден көз каранды:

- Эгер Акаевдин арызы кабыл алынбай турган болсо Конституция боюнча октябрдын ичинде президенттик шайлоо өтүш керек. Ошого чейин үч ай ичиндеби же октябрдабы, айтор, коомчулук үчүн экинчи маселе турат, сөзсүз түрдө Конституциялык реформа керек.

Өткөн аптада Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова Конституциялык кеңешме түзүү демилгесин көтөргөн. Жогорку Кеңеш болсо «Шайлоо кодексине» өзгөртүү киргизип, ал аркылуу президенттикке талапкерлердин укуктарын теңештирүүнү көздөөдө.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG