Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:50

АКАЕВДИН АРЫЗЫ 7-АПРЕЛДЕ КАРАЛАТ


6-апрелде Жогорку Кеңеш Аскар Акаевдин кызматтан кетүү жөнүндөгү арызын кароону 7-апрелге которду. Бул боюнча парламент токтом кабыл алып, бейшемби күнкү жыйынга өкмөттү, сот бийлигин жана элчилерди чакырууну, талкууну телерадио аркылуу түз көрсөтүүнү чечти.

Жогорку Кеңештин депутаттары Аскар Акаевдин кызматтан кетүү жөнүндөгү арызын 5-апрелде кароону белгилешкен. Бирок кворумдун жоктугуна байланыштуу ал күнү парламент жыйын өткөрө алган эмес.

6-апрелде болсо залда кворум болду. Бирок Акаевдин арызын кароо 7-апрелге которулду. Буга парламентте арызды кароо боюнча тийиштүү даярдыктар көрүлбөй калганы себеп болду.

Депутаттар 6-апрелде бейшембидеги жыйынга өкмөттү, сот бийлигин, саясий партияларды жана элчилилерди чакыруу жөнүндө токтом кабыл алды. Ал токтомго ылайык жыйын телерадио аркылуу түз чагылдырылып көрсөтүлмөкчү.

Депутаттар төрага Өмүрбек Текебаевден Москвадагы Аскар Акаев менен болгон сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат берүүнү өтүндү. Текебаев Москвага баруу парламент эле эмес, калган бийлик бутактары менен да макулдашылганын билдирди:

- Биз Москвага барардын алдында Жогорку Соттун төрагасы, Конституциялык соттун төрайымы, өкмөт башчы Курманбек Бакиев, президенттик администрация жетекчиси Үсөн Сыдыков менен жолугушуп, ушул маселени кантип мыйзамдуу жол менен чечүүнү макулдашканбыз. Ал кагаз жүзүндө протоколго түшпөсө да ооз жүзүндө макулдашылган.

Төрага Москвадагы сүйлөшүүгө баруу менен жеке популярдуулугум төмөндөдү, бирок өлкөнүн тынчтыгы үчүн ушундай кадамга бардым деп билдирди:

- Акаевге кепилдик бердик. Бул кепилдик-биздин тынчтыктын баасы. Бул кепилдик биздин эртеңки күндүн баасы. Аны жакшы көргөндөн берген жокпуз. Биз ушул колдон чыгып кеткен кырдаалды мыйзамдуу жолго салалы, эл ынанып бирөөнү уккандай болсун, эртең Бакиев болобу, Кулов болобу, Мадумаров болобу эл ошону ынанып уккандай болуш керек.

Ал Аскар Акаевдин жазган арызын, аны тастыктаган нотариустун мөөрү басылган кагазды депутаттарга көрсөттү.Текебаевдин айтымында, Москвадагы сүйлөшүүгө эч бир өлкө ортомчу болгон жок.

Депутат Жантөрө Сатыбалдыев Москвада кол коюлган протоколго мындай берене кирбей калганын кошумчалады:

- Саясий куугунтоону токтотуу жөнүндө сөз болду. Мен аны сиздерге айтып коюушум керек. Жеке пикиримде саясий куугунтуктоо эч качан болбош керек. Бул сөз протоколго да кирбей калды.

Депутаттар шаршембидеги жыйынында кворумду камсыздоо маселесин да көтөрүштү. Бул үчүн себепсиз жыйынга келбеген депутаттардын аты-жөнүн маалымат каражаттарына жарыялоо чечими кабыл алынды.

Депутат Алишер Сабиров конституциялык реформа маселесине токтолду:

- Конституциялык кеңешмени чакырып, Конституциянын жаңы редакциясын жазуу жөнүндө сөз активдүү козголууда.Биз бул маселени күн тартибине киргизип, билдирүү кабыл алышыбыз керек. Конституциянын 52 беренесине ылайык, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо учурунда Конституцияга өзгөртүү киргизүү мүмкүн эмес.Президенттик шайлоо өткөнгө чейин бул маселени карай албайбыз. Ошондуктан коомчулук жөнсүз эле уу-дууга түшө бербеш керек.

Парламентарийлер ошондой эле Жогорку Кеңештин ишин уюштуруу, комитеттердин ишин активдештирүү жөнүндө да пикир алмашты. Төрага Текебаевдин пикиринде, бул маселелер бара-бара түзөлмөкчү.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG