Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

ИРАКТЫН ПРЕЗИДЕНТТИГИНЕ КҮРД САЯСАТЧЫСЫ ШАЙЛАНДЫ


Шаршембиде Ирактын парламенти күрд саясатчысы Жалал Талабанини президенттикке шайлады. Муну менен өлкөнүн тарыхында алгачкы ирээт күрд улутундагы адам президент болуп олтурат. Вице- президенттикке болсо шийит жана суннит тайпаларынын өкүлдөрү келди.

Иракта мамлекеттик бийликтин жаңы структурасындагы кызматтарды бөлүштүрүү боюнча сүйлөшүүлөр бир нече аптага созулду. Эми президенттин жана анын эки орун басарынын шайланышы ошол апталарга созулган саясий туңгуюктун аякташын билдирип, жаңы өкмөттүн уюштурулушуна жол салчыдай. Мыйзамга ылайык президент жана вице- президенттер эки аптанын ичинде премьер- министрдин атын аташы керек. Парламенттеги шийит жана күрд партиялары премьер- министрлик кызмат үчүн байыстуу исламчыл саясатчы катары эсептелген Ибрагим ал-Жаафаринин талапкерлигин буга чейин эле макулдашкан. Ал –Жаафари шийиттерди ал-Даава партиясынын лидери жана өкмөт башчылыгына ушул аптада эле бекитилээри күтүлүүдө.

Президенттикке шайланган Жалал Талабани 72 жашта. Күрд саясатчыларынын ардагери. Өмүрүнүн басымдуу бөлүгү Багдаддагы режимге каршы күрөшүп келген Талабани 1975-жылы Күрдистан Патриоттук союзун түзгөн жана ошондон бери ушул топту жетектечи. Күрдүстан Патриоттук союзу өзүнүн мурдагы саясий атаандашы, атүгүл куралдуу күчтөрү өз –ара согушуп келген Күрд демократиялык партиясы менен быйыл 30-январда өткөн парламенттик шайлоого чогуу чыгып, шийитттердин "Бириккен Ирак альясынан" кийин экинчи орунду ээлешкен эле.

АКШ Саддамдын режимин кулатары анык болуп калганда, күрддөрдүн аталган эки фракциясы ич ара пикир-келишпестиктерин артка таштап, Вашингтонго өнөктөш болушкан. Президенттикке шайланган соң Жалал Талабани парламентте буларга токтолду:

-Биз динине, улутуна, рассасына карабай укуктар менен милдеттердин бардыгына бирдейлигине жетишүү үчүн Ирактын улуттук биримдигин каалоо менен тандоонун эркиндигинин негизинде орнотууну көздөйбүз. Тынчтык ушул чөйрөдө туура жол менен кеткендердиги.

Лондондогу экономикалык институттун Иракка адистешкен иликтөөчүсү Яхи Саиддин айтымында, президенттин кызматы көбүнесе символикалуу экенине карабай маанилүү. Талабанинин президенттикке шайлануусу күрддөр үчүн психологиялык колдоо жана мындан ары алар өлкөнү башкарууда роль ойной аларын көргөзүүдө:

-Бул күрддөр бирдиктүү федералдык Ирактын алкагында өз улуттук мүдөөсүн, улуттук кызыкчылыгын орундатарын, өлкөнү башкарууда маанилүү роль ойной аларын көргөзөт.

Яхи Саид кошумчалагандай, Талабанинин президенттикке келиши менен Ирактагы күрддөрдүн жикчилик аракети да алсыздачыдай.

Жалал Талабанинин орун басарлары болуп, вице –президенттикке сунниттерден мурдагы президент Гази ал-Явер, шийиттерден утурумдук өкмөттө каржы министринин кызматында иштеп келген Абдел Абдул Махди шайланышы менен саясий партиялар кандайдыр бир тең салмактуулукту жаратууга аракеттенишкенсиди.

Аналитик Яхи Саиддин пикиринде, жаңы өкмөттүн алдындагы чоң милдеттин бири саясий жараяндан сыртта калган сунниттердин куралдуу козголоңчуларынын маселесин чечүү. Ал белгилегендей, сунниттерден буга чейин кызматка дайындалгандары жамааттын ичинде кеңири колдоого ээ эмес.

30 -январдагы шайлоодо сунниттердин көпчүлүгү коопсуздук жүйөөсүнөн жана өз лидерлеринин шайлоону бойкоттоо жөнүндөгү чакырыктарынан улам добуш берүүгө барышпаган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG