Жогорку Кеңештин имаратынан алдында турган 200гө жакын адам негизинен Аскар Акаевге импичмент жарыялоону талап кылып турушту. Алар эгер Акаевге импичмент жарыяланбай, анын кызматынан кетүү жөнүндөгү арызы кабыл алына турган болсо, өлкөдө опурталдуу кырдаал түзүлүшү ыктымал деген пикирлерин айтышты.
Ош облусунун Алай районунан келген Жыпар Кайназарова мындай пикирин айтты:
- Биздин талап – Аскар Акаевге импичмент жарыялансын. Азыр биздин, элдин талабы ушул. Эгерде бул талап аткарылбаса, эл кайрадан чыгат. Атүгүл өлкөбүздө атуулдук согуш да чыгып кетиши ыктымал. Ошондуктан, азыркы бийлик ээлери элдин койгон талаптары менен эсептешиши керек.
Бишкектин тургуну Сайрабү Бекбоева мындай дейт:
-Аскар Акаев 14 жылдан ашуун мезгил бийликте туруп, элдин ырыскысын чачып, өлкөнү талап-тоноду. Эми ага ишеним көрсөтпөө жарыялашыбыз керек. Аскар Акаев бийликте турган жылдарда жасаган кылмыштары үчүн, алардын ичинде Аксы, Барскоон окулары, мамлекеттик бюджетке кол салып, миллиондогон акчаларага өзүнө хан-сарайларды салгандыгы үчүн сот жообуна тартылышы керек.
«Парламенттен Акаевди жактаган саясатчылар кетсин! Акаевди колдогон саясатчыларга парламентте орун жок!» деген ураандарды кыйкырып, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары парламенттен кетсин деген талаптарды да коюшту.
Буга байланыштуу пикетчилердин бири Ыргалай Бекболотова мындай деди:
- Биз Акаевди колдогон депутаттар Өмүрбек Текебаев, Жантөрө Сатыбалдиев, Өмурбек Бапанов өңдүү депутаттар парламенттен кетсин! Андай кошоматчыларга Жогорку Кеңеште орун жок!
Айрым пикетчилер Аскар Акаевдин экс-президент макамын алууга моралдык укугу жок деген пикирлерин айтып жатышты.
Пикетчилер Акаевге импичмент жарыялоо Кыргызстандын кийинки президенттерине сабак болушу үчүн да зарыл деген пикирлерин билдиришти:
-Эгерде Акаевге импичмент жарыяланбай, анын кызматынан кетүү жөнүндөгү арызы кабыл алынса, анда кийинки президент да ушундай эле жеп-ичип, элди тоноп, каалаганын жасайт. Эч кандай жоопкерчилик болбойт.
Нааразылык чарага чыккандар ошондой эле жаңы парламенттин тарашын, өлкөнүн Жогорку сотунун төрагасынын кызматынан кетишин, Жогорку Кеңешке Жалалабад облусунунун № 27 Базаркоргон-Сузак округунан шайланган Абдүмүталип Хакимовго депутаттык мандатын бербөө талабын да коюшту.