Ал өзгөртүүгө ылайык президенттин үй-бүлөсүнүн жеңилдиктери алынып салынды. Мыйзамдагы биринчи президенттин макамы тууралуу бөлүгү да жокко чыгарылды.
Ушул мыйзамга президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев кол койгондон кийин Жогорку Кеңеш 11-апрелде Аскар Акаевдин арызын карайт.
Дооронбек Садырбаев Аскар Акаевге экс-президент наамын берүүгө каршы чыкты. Анын пикиринде Аскар Акаев мындай сый-урматка татыксыз, себеби ал өлкөнүн аскер күчтөрүнүн башкы командачысы катары иштеп туруп, 24-мартта ал милдетин аткарбай качып кеткенин билдирди. Ал эми депутат Баяман Эркинбаев болсо Аксы окуясы, Үзөнгү-Кууш маселелерин көтөрүп, Акаев мамлекеттен 2,7 млрд. доллар, 100 тонна алтын уурдап алганын айтты.
Азимбек Бекназаров 2004-жылы январда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын биринчи президенти жөнүндө" мыйзамды жокко чыгарууну сунуш кылды. Ал эми депутат Темир Сариев ал мыйзамдын айрым пунктарын алып салууну гана сунуштады.
Андан соң сөздү президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Курманбек Бакиев алды. Ал өкмөттүн иштеп жатканына 2 гана апта болгонун, ошондуктан жаңы өкмөткө колдоо көрсөтүүнү элден, коомчулуктан суранды. Анын пикиринде жаңы өкмөт коррупцияга баткан адамдарды өзүнө мүчө кылып алып жатат деген сөздөрдү туура эмес деди. Ал таза адамдар катары биринчи-вице-премьер-министр Данияр Үсөновдун, вице-премьер-министр Ишенгүл Боложурованын, вице-премьер-министр, унаа жана байланыш министри Ишенбай Кадырбековдун аттарын атады.
Анын пикиринде азырынча Конституцияга, шайлоо системасынга өзгөртүү киргизүүнүн зарылдыгы жок.
Курманбек Бакиев Аскар Акаевдин отставкасы тууралуу маселени парламент жети өлчөп, бир кесип, шашылбай талкууга алууга тийиш деп билдирди. "Мен парламентти сыйлайм" деп кошумчалады ал.