Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

БАКИЕВ: ЭЛДИ КӨЧӨГӨ ЖЕКЕ КЫЗЫКЧЫЛЫГЫ БАРЛАР ЧЫГАРУУДА


Кыргызстанда бийлик күч менен алмашканына эки жума болду. Бул аралыкта азыркы бийлик коомдук-саясий абал турукташып калгандыгын белгилөөдө. Бирок, жер-жерлерде нааразылык чаралары токтогон жери жок. Мындай көрүнүштү айрым байкоочулар жаңы бийликтин кетирип жаткан катачылыктарынын кесепети катары баалап жатышат.

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер министр Курманбек Бакиев 8-апрелде Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан аймагында жалпысынан бийлик мыйзам чегинде ишке киришкендигин билдирди.

Бирок, учурда массалык баш-аламандык болбогону менен, 24-мартка чейинки ыкманы пайдаланып, жер-жерлерде нааразылык билдирген эл көчөгө чыгууну, бийликти басып алууну улантууда. Ок атууга чейин жеткен Кочкор районундагы чыр-чатакты дал ушул бийлик талаштын кесепети катары баалаган айрым байкоочулар кырдаал жөнгө салынбаса, жагдайдын өлкө боюнча курчуп кетиш ыктымалдыгын баса көрсөтүшүүдө.

4-мартта Кочкордо болгон ок атуу акимдикке талапкер катары аттары аталган Качыке Бейшебаев менен Курманбек Байтерековдун жактоочуларынын ортосундагы чыр-чатактарга байланыштуу болгондугу, окуя болгон жерге каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров да баргандыгы тууралу маалыматтар айтылган эле. Ага чейин Жапаров жаңы кызматка келгени айланасына туугандарын чогултуп жаткандыгы тууралуу маалымат тараган. Ал эми Курманбек Бакиевдин Жогорку Кеңеште 8-апрелде сүйлөгөн сөзүндө айтканына караганда, Жапаров министрдин милдетин аткарып жатып бир катар катачылыктарга жол берди. Мындай сын пикирге кийинчерээк Жапаров мындай оюн билдирди:

- Катачылык деп бу кишилер мен (каржы) полицийскийлерди Кочкорго өзүм менен кошо ала барышымды кызматымдан ашыкча пайдалангандык катары көрүп атышат. Мен муну кызматымдан ашыкча пайдалангандык деп эсептебейм. Анткени, Кочкорду каракчылыктан сактап калдык. Эгер кылмыш иши муну иликтеп чыгып, сен ушундай экенсиң десе, мен кете берем. Мен бул жумушка суранган эмесмин. Жанталашып келген жокмун.

Анткен менен «Эркиндик» саясий партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиевдин оюнда, жер-жерлердеги ар кыл нааразылык чаралары айрым саясатчылар тарабынан атайын уюштурулуп жатат жана ага каршы кескин чара көрүлбөсө кырдаал жумшарбайт:

- Бийлик талашып, Жогорку Кеңештин ичинде, анын сыртында ыплас саясий оюндарды жүргүзүп, чайналтып, өлкөнү түгөнгүс митинг жолдоруна түшүрүп, бийликти басып алуу жолдоруна өтүп атат. Менимче, революциялык, чечкиндүү жол менен чечиш керек го бул ишти. Эмне кылсаң өзүң бил деп жөн таштап койгонго болбойт.

Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө премьер министр Курманбек Бакиев жеке кызыкчылык үчүн баш аламандыкты уюштурган саясатчылар жоопко тартылаарын билдирди:

- Араңыздарда кыйын депутаттар көп: мен 500 киши алып келем, мен 5000 киши алып келем, атчандарды алып келем деген. Токтотолучу ушуну. Бири-бирибизди коркутпайлычы. Андай жол менен биз эч кандай маселени чече албайбыз. Бирок, унутпагыла, жоопкерчиликке тартам.

Курманбек Бакиев ушул эле жыйында элге кайрылып, жеке кызыкчылыгын ойлогон саясатчылардын азгырыгына кирбөөгө чакырды. Анткен менен Бакайата, Атбашы, Нарын, Базаркоргон-Сузак шайлоо округдарынын шайлоочулары акыркы күндөрү митинг, пикет, жол тосуу, мамлекеттик имараттарды ээлөө жолу аркылуу кайрадан нааразылыкка чыгышты. Ал эми турак үй куруу үчүн жер алууну каалаган жарандар жума күнү Бишкек шаарынын айланасындагы бир катар жер аянттарын ээлеп алгандыгы кабарланды.

Кырдаалды жөнгө салып, өлкөнү турукташтыруу үчүн ириде элдин муктаждыктарын чечүү зарылдыгын Жогорку Кеңеште депутат Кубатбек Байболов премьер министр Курманбек Бакиевге эскертти:

- Кагылышуулар бийлик талаштан, жер талаштан, суу талаштан эле чыгат, ушул үч эле маселеден. Ушуну жөнгө салууга команда берсеңиз, кескин түрдө.

Курманбек Бакиевдин оюнда жер маселеси өкмөттүн эмес, облустук бийликтин деңгээлинде чечилиши керек. Ал эми жер-жерлерде мыйзамдуу башкарууну толук калыбына келтирүү жана бийлик талашты токтотуу үчүн райондук жана облустук кеңештердин депутаттарынын укуктарын тез арада жыл этегине чейин узартуу, алардын макулдугу аркылуу жергиликтүү бийлик башчыларын дайындоо зарыл деп эсептеп, бул сунушту Жогорку Кеңешке жолдоду. Премьер министр жер-жерлердеги бийлик кризисин жөнгө салуунун ыңгайлуу жолун учурда ушундан көрүп турат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG