Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:50

ЕККУ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООНУН ҮЧ АЙДЫН ИЧИНДЕ ӨТКӨРҮЛҮШҮН КОЛДОЙТ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Кыргызстанга иш сапары менен келген ЕККУ нун төрагасынын Борбор Азия боюнча өкүлү Алоиз Петерли 8-апрелде Бишкекте маалымат жыйын өткөрдү. Ал өлкөдөгү соңку кырдаалга токтолуп, президенттик шайлоону жакынкы үч айдын ичинде өткөрүү демилгесин колдой тургандыгын билдирди.

ЕККУ нун өкүлү Кыргызстанга болгон иш сапарынын башкы максатын журналистерге мындайча түшүндүрдү:

- Мен Кыргызстанга ЕККУ төрагасынын өтүнүчү менен өлкөдөгү соңку саясий кырдаалды турукташтырууга ар тараптуу жардам берүү максатында келдим. Чынында соңку мезгилде өлкөдөгү абал кыйла жакшырды. Ошондой болсо да саясий кырдаал татаал жана оор бойдон калууда. Ошондуктан мен бул жерге кайрадан келип ЕККУ нун бул максатта жасап жаткан аракеттери тууралуу маалымат берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонума кубанычтуумун.

Андан аркы сөзүндө ЕККУ өкүлү соңку бир нече күндөн бери өлкөдөгү жаңы өкмөттүн жана саясий партия, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушкандыгын маалымдады. «Биз жолугушуу учурунда өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу жана президенттик шайлоону өткөрүүдө ЕККУ тарабынан Кыргызстанга кандай жардам керек экендигин сурадык. Бейөкмөт уюмдары бизге бул максатта өз сунуш-пикирлерин жазып беришти. Мына ушул өңүттө биз келээрки апта башында өкмөт башчы Курманбек Бакиев менен жолугушуп, Кыргызстанга кандай жардам керектиги тууралуу биргелешип түзгөн пландын алгачкы үлгүсүн ЕККУ нун башкы кеңсесине келээрки апта соңунда жөнөтөбүз», деп билдирди Алоиз Петерли. Ошондой эле ал «Кыргызстанда президенттик шайлоону жакынкы үч айдын ичинде өткөрүү керек» деген сунушту колдой тургандыгын айтты:

- Бул маселе боюнча учурда түрдүү пикирлер орун алууда. «Тигил же бул сунушту колдо» деп мен айта албайм.Ошондой болсо да мен бул жердеги ар кандай пикирлерден улам түзүлгөн оюмду айтып кетейин. Мен шайлоону жакынкы үч айдын ичинде өткөрүү керек деген сунушту колдойм. БКШ төрагасы Кыргызстандын Баш мыйзамында да ушундай деп көрсөтүлгөндүгүн маалымдады.

Журналистердин ЕККУ келээрки президенттик шайлоону өткөрүүгө кандай жардам берет? деген суроосуна ал төмөндөгүчө жооп берди:

- Бул жолку шайлоого биз кеңири планда көмөктөшө алабыз. Шайлоочуларды окутуу жана аларга шайлоо мыйзамы тууралуу маалымат берүү боюнча иш чаралар жүргүзүлөт. Ошондой эле массалык маалымат каражаттары менен иш алып барабыз. Андан сырткары шайлоо комиссия жана БШК нын мүчөлөрүн окутуп, аларга жардам берүү, ошондой эле шайлоого байкоочуларды даярдап, аларга жетишээрлик шарттарды түзүп берүүгө көмөктөшөбүз.

XS
SM
MD
LG