Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

РИМ ПАПАСЫ И.ПАВЕЛ II АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТЫЛДЫ


Төрөкул Дооров, Прага Дүйнө боюнча 1 миллиардга жакын католиктер 8-апрелде Рим папасы Иоан Павел Экинчи үчүн акыркы жолу сыйынып, аны менен коштошту. 84 жаштагы поп өткөн ишембиде кайтыш болгон жана жума күнү Ватикандагы ыйык Петр чиркөөсүндө жерге берилди. Акыркы 26 жыл бою Рим католик чиркөөсүнүн көсөмү болуп турган Иоан Павел Экинчи акыркы жылдары катуу ооруп келген. Римге бул күндөрү 2 миллиондон 4 миллионго чейин зыяратчы топтолгону айтылса, ар башка мамлекеттердин лидерлери менен өкмөт башчыларынын саны 200дөн ашты.

Рим убактысы боюнча эртең мененки ондо Иоан Павел Экинчинин сөөгү коюлган табытты Ыйык Петр чиркөөсүнүн төрүнө алып чыгышканда анын маңдайындагы аянтка чогулган миңдеген зыяратчылар кол чаап турушту.

Америка Кош Штаттарынын президенти Жорж Буш, Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан, Иран президенти Мохаммед Хатами менен Ооганстандын мамлекет башчысы Хамид Карзай, ошондой эле Орусиянын премьер-министри Михаил Фрадков менен Украина президенти Виктор Ющенко, Азербайжан президенти Илхам Алиев да ошол адамдардын арасында болушту.

Жүз миңдеген адамдар Рим папасын көмүү иши кандай өтүп жатканын Римдин ар кайсыл жерлеринде орнотулган чоң экрандардан көрүп жатышты.

Ватикандагы бул жөрөлгөнү германиялык кардинал, Кардиналдар жыйынынын төрагасы жана Иоан Павелдин ишенимдүү адамдарынын бири Йозеф Ратзингер алып барды.

Маркум Иоан Павелдин мураскорун, жаңы Рим папасын тандоодо кардинал Ратзингердин добушу өтө маанилүү болушу күтүлүүдө. Айрымдар анын өзү Рим папалыгына мыкты талапкер болмок дешет.

Чиркөө коңгуроолору бул убакта Иоан Павел Экинчинин мекени Польшада да жаңырып турду.

Ал эми Римде буга чейин болуп көрбөгөндөй деңгээлде коопсуздук чаралары күчөтүлдү. 10 миңден ашуун полиция кызматкерлери жана аскерлер бул ишке тартылышты. Борбордук Римдин аба мейкиндиги жабылган, ал эми учактарга каршы реактивдүү снаряддар кайсыл секундда болбосун обьектке карай атылууга даяр.

Шаардагы баардык коомдук иш жайлар, музейлер менен мектептердин баары жабылган, көчөлөрдө машине каттамдары да токтотулган.

Папаны көмүү иш-чарасы учурунда аны жетектеген кардинал Ратзингер Иоан Павел Экинчи жөнүндө мындай деди.

- Бүгүн биз Иоан Павел Экинчини жерге берип жатып, өлбөстүктүн үрөнүн эгебиз. Биздин каңырыгыбыз түтөп, жүрөгүбүз ыйлап турат, бирок ошол эле мезгилде ал терең ыраазычылык менен үмүткө толо, - деди Ратзингер.

Акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн аткарып жаткан дагы бир кардинал Эдуардо Мартинес Сомало “Кудай, папага түбөлүк тынчтыкты, түгөнбөгөн жеңил нур бер!” деген тилек менен көмүү жөрөлгөсүн жыйынтыктады.

Рим католик чиркөөсүнүн кардиналдары эми 18-апрелде жаңы Папаны тандоо үчүн жыйынга чогулушат.
XS
SM
MD
LG