Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:37

ИРАКТЫН ЖАҢЫ БИЙЛИГИ АНЫКТАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 6-апрелде Ирактын жаңы президенти менен эки вице-президенти шайланды жана алар 7-апрелде салтанаттуу ант берди. Ошол эле 7-апрелде өлкөнүн убактылуу өкмөтүнүн башчысы болуп "Дава" аттуу шийи партиясынын жетекчиси Ибрагим ал-Жаафари дайындалды. Ирактын утурумдук конституциясы боюнча өлкөдөгү негизги бийликке премьер-министр ээ.

30-январда шайланган Ирактын жаңы парламенти 6-апрелде өлкөнүн президенти кылып Жалал Талабанини шайлады жана 7-апрелде ал парламенттин сессиясында салтанаттуу ант берди:

- Өзүмдүн мыйзамдуу милдеттеримди толук жана берилип аткарууга, Ирак элинин кызыкчылыктарын, анын асманы менен жерин, байлыктарын жана демократиялык федералдык системасын, жарандардын жеке укуктарын, соттун көз карандысыздыгын коргоого кудай алдында ант берем. Мыйзамдардын так жана бейтарап аткарылышына милдеттенме алам, кудай күбө.

Талабани өзү күрд жана буга чейин дүйнөдө бир да араб мамлекетин араб эмес адам жетектеген эмес. 30-январдагы шайлоодо күрддөр партиясы экинчи орунга чыккан, биринчи келген шийи партияларына болсо көпкө уланган сүйлөшүүдөн кийин премьер-министр жана бир вице-президенттик орун тийди. Ирактын 25 миллион калкынын 60 пайызын шийилер түзөт, бирок мурдагы президент Саддам Хусейн учурунда алар куугунтукталып келген.

Калган мусулмандар негизинен суннилер жана алардын арасына күрддөр да кирет, бирок алар араб эмес жана перс тилинде сүйлөйт. Дүйнөдө бардыгы болуп 15 миллионго жакын күрд бар, алар негизинен Ирак, Иран, Түркия, Сирияда отурукташкан, бирок ошондой эле көп сандуу уйгурлар сыяктуу, алардын да өз мамлекети жок.

Талабани менен кошо өлкөнүн эки вице-президенти болуп шийи Адел Абдул Махди менен сунни Гази ал-Явар шайланды жана алар дагы 7-апрелде ант берди, андан соң ошол эле күнү шийи Ибрагим ал-Жаафари Ирактын премьер-министри болуп дайындалды. Өлкөнүн утурумдук конституциясы боюнча Ирак парламенттик республика болгондуктан, эң негизги мааниге премьер-министр ээ, ошондуктан көпчүлүк саясатчылардын көңүлү азыр Жаафариге бурулууда.

Жаафари 1947-жылы Карбала шаарында туулган, 1960-жылдарда шийилердин "Дава" партиясына кирген, бирок 1968-жылы бийликке Баас партиясы келгенден кийин, башка партиялар куугунтукка учураган жана 1970-жылдардагы шийилердин бийлик үчүн күрөшү Саддам тарабынан канга жуурулуп басылгандан соң, Жаафари чет өлкөгө качууга аргасыз болгон. Акыркы мезгилге чейин ал Лондондо жашап "Дава" партиясын жетектеп келген, үй-бүлөсү эмгиче Лондондо.

2003-жылы АКШ Иракка каршы согуш баштап, Саддамды бийликтен кулаткандан кийин, Жаафари Иракка кайтып келген жана америкалыктар тарабынан түзүлгөн убактылуу Башкаруучу кеңештин мүчөсү болгон, кийин ал Кеңештин ордуна жаңы убактылуу бийлик түзүлгөндө, былтыр вице-президент болуп шайланган. Байкоочулардын айтымында, Жаафари шийи партиясын жетектеген менен, суннилерге каршы эч качан катуу сөз айткан эмес жана шийилердин руханий жетекчиси аятолла Али ал-Систанинин колдоосуна ээ.

7-апрелде премьер болуп дайындалганда Жаафари жаңы өкмөткө Ирак коомунун бардык катмарларынын өкүлдөрү кирет деп жарыялады:

- Биз жаңы өкмөттүн курамына эркектерди да, аялдарды дагы, арабдарды да, күрддөрдү дагы, түрктөрдү жана башкалардын баарынын өкүлдөрүн киргизебиз. Өкмөт адистерден түзүлсө жана өз ишинде коомдун бардык катмарларынын кызыкчылыктарын эске алса, ал ийгиликке жетет.

Өкмөттүн курамын премьер эки аптанын ичинде аныктай турганын айтууда.

XS
SM
MD
LG