Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:02

ЕВРОБИРИМДИК КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУГА ДАЯР


Европа комиссиясынын тышкы байланыштар боюнча башкы директорунун орун басары Майкл Ли 9-апрелде ырасмий визит менен болду. Ал ыңкылаптан кийинки Кыргызстан менен уюмдун кызматташуу жолдорун аныктады.

Еврокомиссиянын тышкы байланыштар боюнча башкы директорунун орун басары Майкл Ли визит маалында Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев баштаган азыркы өкмөттүн жетекчилери, парламенттин спикери жана «Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Кулов менен жолугушту.

Жолугушуулардын башкы максаты- Евробиримдик менен Кыргызстандын мындан аркы кызматташуусу, анын ичинде президенттик шайлоо алдында уюм бере турган жардамдын багытын аныктоо болду. Анткени, Евробиримдик Кыргызстандагы акыркы саясий окуялар жана аны мыйзамдык нукта жөнгө салууга кызыкдар болуп турат.

Майкл Линин айтымында, Кыргызстан кичинекей мамлекет болгону менен бул өлкөдөгү саясий туруктуулуктун бузулушу бүтүндөй Борбор Азиядагы кырдаалга таасир бербей койбойт. Ошон үчүн Евробиримдик эң ириде Кыргызстандагы президенттик шайлоону мыйзам чегинде калыс өткөрүү үчүн уюм бере турган жардамды аныктоону көздөп жатат. Ал тууралуу Майкл Ли:

-Албетте, биз биринчи кезекте жайында боло турган президенттик шайлоого даярдык көрүүдө Европа Биримдиги бере турган жардамдын багытын аныктоону көздөп жатабыз.

Майкл Линин айтымында, Евробиримдик шайлоочулардын укуктук маалыматын жогорулатуу, БШКнын мүчөлөрүн окутуу,талапкерлерди каттоо жана байкоочуларды даярдоо багытында көмөк көрсөтүүгө даяр.

Бирок, уюмдун мындай иш аракеттерди жүргүзүүсүнө кыргыз бийлигинин макулдугу зарыл:

- Бул багыттарды ишке ашыруу үчүн кыргыз бийлигинин өтүнүчү кагаз жүзүндө жазылып, эки тараптын макулдашуусу керек.

Майкл Линин билдирүүсү боюнча, кыргыз бийлиги уюмдун жардамын алуу үчүн эң ириде президенттик шайлоону өткөрүү мөөнөтүн тезинен тактоосу керек. Уюм өкүлдөрүнүн баамында, ал үчүн бардык шарт бар. Президенттик шайлоо канчалык тез өтсө өлкө экономикасы менен саясатынын турукташуусуна өбөлгө ошончолук тез түзүлөт. Антпесе, азыркыдай туңгуюк жашоо өлкөнү мындан да кыйын кырдаалга түшүрүшү ажеп эмес. Ошондуктан, Евробиримдик Кыргызстандын бийлик жетекчилерине коңшулары менен да диалог түзүүгө кеңеш берди.

Андан тышкары эки тарап мындан аркы кызматташууда коррупцияга каршы күрөш жана кедейликтин деңгээлин төмөндөтүүгө көңүл буруу керек деген бүтүмгө келди. Майкл Лининин билдирүүсү боюнча, бул багыттар мурдатан эле күн тартибинде турган.

Евробиримдик айрыкча коррупцияга каршы күрөштө өз тажрыйбасынан бөлүшүүгө даяр жана аларды ишке ашыруу үчүн эми долбоорлорду түзүү керек.

Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташуусу 1995-жылы башталган. Ал эми өлкө эгемендик алгандан бери уюм 200 миллион евродон ашык көлөмдөгү жардам берген. Ал уюмдун Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстандын өнүгүүсүн колдоо жана адам укуктарын коргоо багытындагы ар кандай долбоорлорунун алкагында берилип келатат. Андан тышкары уюм ушул жылы эле 25 миллион евро берген жатат.

Еврокомиссиянын тышкы байланыштар боюнча башкармасынын Кыргызстанга жооптуу өкүлү Констандинос Варкидостун айтымында, алардын көбү грант түрүндө кедейликти азайтуу,демократияны колдоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн берилет. Бирок, ага кыргыз өкмөтүнүн макулдугу керек:

-Бул долбоорлор менен программаларды ишке ашыруу үчүн эң ириде кыргыз өкмөтү менен жарандык коомдун макулдугу зарыл. Себеби,бул программалардын максаты, натыйжасы жана аны ишке ашырууну көзөмөлдөө менен байланыштуу.

Евробиримдик бул жардамынан тышкары ушул айда 200 миң евро да берээрин жарыя кылды. Майкл Линин айтымында, ал демократияны өнүктүрүү үчүн ар кандай багыттагы жарандык уюмдарга колдоо үчүн берилет. Евробиримдикке кирген 25 мамлекеттин эли кыргыз элинин демократияга умтулган аракети менен тилектеш:

- Мен Евробиримдикке кирген мамлекеттердин калкынын Кыргызстандын эли менен тилектеш экендигин билдиргим келет. Алар Кыргызстандын эли саясий күчтөрдүн таймашында жеңди деп колдоп жатышат.

XS
SM
MD
LG