Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:40

Тажикстандын Башкы прокурору Орусияны сынга алды


Тажикстандын Баш прокурору Орусияны тажикстандык оппозициячыл саясатчылардын бири Махмадурзи Искандеровду абактан чыгарып жибергени үчүн сынга алды. Искандеровду бир нече кылмыш иши боюнча айыптаган расмий Душанбе аны Орусиядан өткөрүп алууну көздөп жаткан эле. Бобожан Бобоконовдун Душанбедеги басма сөз жыйында билдиргенине караганда, алар эми Москвадан Искандеровду эмне үчүн бошоткону боюнча түшүндүрмө сурамакчы:

-Ал өтө коркунучутуу кылмышкер катары издөөдө. Эч кимдин: саясий партиялардын, жеке адамдардын аны коргоого укугу жок. Ал үчүн чогултулган акча да жардам бере албайт. Эгер туугандары, өнөктөштөр буга аркеттенишсе, бекер кылып жатышат. Эртеби, кечпи ал мыйзам алдында жооп берет.

Тажикстандын демократиялык партиясынын лидери Махмадурзи Искандеров алдыдагы президенттик шайлоого катышарын жарыялаган. Тажик бийликтери аны террорчул топтор менен байланыш түзгөнү, мамлекеттик каражатты жеп- ичкени үчүн айыптоодо.

Расмий Душанбенин өтүнүчү менен ал декабрь айында
Москвадан камакка алынган болчу. Жетиштүү далил жок болгондуктан Орусия аны Тажикстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып, өткөн аптада абактан бошоткон.

XS
SM
MD
LG