Михаил Ходорковский дүйшөмбү күнү Москва шаарынын Мешан сотунда сүйлөгөн сөзүндө бул анын күнөөсүз экенин ырастаган акыркы кайрылуусу болушу ыктымал экенин айтты:
-Бул жерде менин мыйзамга каршы иш жасаганымды далилдеген бир да документ, ошондой эле күбөнүн сөзү жок экенине көңүл бурам.
Учурунда эл аралык ири мунай компаниясы эсептелген ЮКОСту жетектеген Ходорковский көп ирет финансылык көз боемочулук жасаган жана айла-амал менен салыктан качкан деп айыпталууда. Сот Ходорковскийдин күнөөсүн тастыктап, айыбын мойнуна койсо, ал 10 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн.
Айыпталуучу сотто ага коюлган бардык күнөөнү четке какты:
-ЮКОСко каршы чатак кантип, ким тарабынан, эмне үчүн уюшулганын бүтүндөй өлкө билет. Аны кээ бир таасирдүү адамдар Россиядагы абдан ийгиликтүү өнүгүп бараткан мунай компаниясын, тагыраак айтканда, анын кирешесин тартып алуу үчүн жасашты. Мен компанияны тоноого тосколдук кылбасым үчүн, алар мени абакка салышканы жалпы өлкөгө маалым.
Россия өкмөтү ЮКОС бир нече жыл салык төлөбөгөндүгү үчүн анын жетекчисине каршы кылмыш иши мыйзамдуу ачылган деп санайт. Ырасмий бийликтердин айтымында, ЮКОСтун негизги жарнакташы-“Юганскмунайгаз” компаниясы башкы ишкананын карыздарын төлөө үчүн сатылган. “Юганскмунайгазды” мамлекеттик “Ростнефт” сатып алган.
ЮКОСтун иши эларалык инвесторлор алдындагы Россиянын аброюна олуттуу зыян тийгизди.
Талдоочулардын пикиринче, кремлдик төбөлдөр сот жараянын Ходорковскийдин саясый дымагын басуу максатында уюштурушкан. Ал 2003-жылы камакка алынганга чейин бийликке оппозициядагы саясый партияларды каржылай баштаган эле.
Адам укугун коргоочулар Ходорковскийдин соту мыйзамды орой бузуулар менен жүрүп жатканына башынан эле көңүл буруп, тынбай айтып келишет.
Михаил Ходорковскийдин мүлк-дүйнөсү ал абакка түшкөнгө чейин 15 миллиард долларга бааланган. Ал 1990-жылдардагы экономикалык чакчелекей тушунда ыкыбалдуу ишкерге айланып, росссиялык “олигархтардын” катарына кирген.
Анын айтышынча:
-Мен Россиянын өнөр жайын көтөрүүгө жана жарандык кооомду курууга бар салымымды коштум. Айрым жерде жаңылыштым, кайсы бир ишти жаңылыш жасадым. Бирок, өз чөнтөгүм үчүн эмес, өз өлкөм үчүн, анын жыргалчылыгы үчүн иштөөгө чын дилимден аракет кылдым. Мага коюлуп жаткан айыптардан мен таза экенимди жаамы журт билет. Мен, ошон үчүн, мага мээрим кылууну сурабайм.
ЮКОСтун негизги акционери Леонид Невзлин Германиянын “Фокус” журналына жекшемби күнү басылган маегинде компаниянын финансылык сызга отуруусуна президент Путин кызыкдар экенин айткан.