Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:31

ЖЕР БАСЫП АЛГАН ЭЛ, «МАҢДАЙ ТЕР МЕНЕН ТАБЫЛГАН» ЖАРЫМ МИЛЛИОН СОМДУК АКАЕВДИН ҮЙҮ, ҮЧҮНЧҮ МӨӨНӨТКӨ ЖОЛ АЧКАН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ


Бишкекте үйү жогун айтып миңдеген адамдар жер ээлеп алышууда. Бирөөнүн жерине ээлеп алуучулардын аракетин тыйып коюуну өтүнүп жаңы бийлик жетекчилерине кайрылгандар көп. Кызматын таштаган мурунку президент арыз акысына жарым миллиард сомдук үйүн калтырууну суроодо.

«Кечээ Токмоктон дагы эки автобус эл келиптир, Бишкекте жер берилип жатат деп угуп. Эми бир эле адам үч-төрт топко жазылып алгандар да бар», деп маалымдайт «Кыргыз туусу» гезити шейшембидеги санында.

Бишкектин «Ош» базарында соода кылган Кулубаев Мансур деген адам мыйзамсыз жер басып алуусунун себебин мындайча түшүндүрөт: «Төрт балам менен бир орус кемпирдин короосундагы кепеде жашайбыз».

Экинчи бир атуул жер басып алуу мыйзамсыз экенин айтайын деп келсе эч ким аны укпаганына кейийт. «Элди мындай басып алууга түрткөн мурунку бийлик болду го деп ойлойм», дейт ал.

Менчиктештирүүнү «канталамайга» айланткан А.Акаевдин өзү болду деп жазат Д.Жусупов деген автор. «Анын үй-бүлөсүндөгүлөр 42 ишкананы менчиктештириптир. Бул Кыргызстанда кыбырап иштемиш болуп жаткан ишканалардын жармысы болбосо да үчтөн бирин түзөт болушу керек», дейт макала автору. Ал эми биринчи вице-премьер-министр Ишенбай Кадырбеков Москвада А.Акаев менен жолугушуу маалында кандай сөз болгону тууралу гезит окурмандарына мындай маалымат берет: «Ал киши бизден өзүнө Бишкектеги бүтө элек үйүн жана көл жээгиндеги эс алуу жайын калтыруусу жөнүндө гана суранды».

А.Акаевдин Бишкектеги үйүнүн баасы жарым миллиардга бираз жете бербеген акчаны түзөрүн Бакай Чилтегин деген автор «Балык башынан сасыйт» деген макаласында козгойт. И.Кадырбековду өзүнчө бөлүп алып: «Маңдай теримен табылган акчага бир үй куруп жаттым эле. Ошону өзүмө калтыргыла» деп сураган үйүн салууга А.Акаевге эң кеминде 60-70 жыл талап кылынмак.

«Ошондо да тапкандарынын бир тыйынын ичпей-жебей, эч кимге бербей, бардыгын үйдүн курулушуна жумшап турса», деп бүтүм чыгарат автор.


А.Акаев эли алдында көп күнөөгө батты, «Алла Таала адамды жазалагысы келсе, аны акылынан ажыратат» дейт. Эми А.Акаев калкынан кечирим сурап, уурдап алгандарын кайтарып бериши керек, деп белгилешет Казакстан мусулмандар биримдиги. Алардын кайрылуусу 12-апрелдеги «Слово Кыргызстана» гезитинде жарыяланган.

Гезитте биртоп коомдук уюмдардын жаңы бийлик башчыларына кайрылуусуна орун берилген. Анда алар жер басып алуучулукту токтотуу талабын коюшкан.

Жер басып алуучулук дагыле токтоло электигин шейшембидеги «Эркинтоо» гезити да жазып чыкты. Күздүк эгин айдалган жерлерди, үлүшкө бөлүнгөн аянттарды басып алуу жергиликтүү калктын нааразылыгын туудуруп, кырдаал дагыле курч бойдон турат, деп кабарлайт гезит кабарчысы Р.Байгубатов.

Экс-спикер Абдыганы Эркебаев гезитте жарыяланган маегинде мурдатан эле А.Акаевдин кемчилигин бетине айтып келгенин маалымдап, ушу тапта жаңы бийликтин башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген. «Өлкөбүздүн учурдагы оор абалы үчүн А.Акаев да, К.Бакиев да, Ф.Кулов да, А.Эркебаев да жана башка жетекчилер – баарыбыз жоопкербиз. Эч качан мен акмын, тиешем жок деп чыгып кетпешибиз керек. Анткени биз баарыбыз аралашып чогуу жүргөнбүз, бирге иштегенбиз», дейт А.Эркебаев.

Бишкек жакында 5 миллион калкы бар шаарга айланат, деп жазат шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити. «Бирөөнүн жерине көз арткандардын арасында жалаң эле айылдардан келгендер эмес, борбордун интеллигенциясы – дарыгерлер, мугалимдер, кызматкерлер жүрүшөт», деп маалымдайт журналист Н.Хохлова.

Шаардын 24 жаңы конуштарында бош жаткан жерлер толтура, жер ээлеп, бирок ал жерге үй салбай, үлүшүн башкага сатып пайда көрүүнүн кыныгын алгандар көп дейт «Бишкек башкы архитектуранын» жетекчиси Азиз Суракматов.

А.Акаевдин үчүнчү мөөнөткө президент болуп шайланышына Конституциялык сот жол ачып берген, деп жазат шейшембидеги «МСН» гезитинде В.Тимирбаев. А.Акаев артында эмне болуп жатканын билмексенге салып, уул-кызы, күйөө баласы, аялы жасап аткан иштерди демократияга байланыштырып, көз каранды маалымдоо каражаттары аркылуу кызылдай калпты шыпырылтып айтып келди.

А.Акаевдин режими кулаган менен коомдо жакын арада чоң өзгөрүш болушу күмөн. Бийлик башына башка киши келгени менен баары өзгөрүп кетпейт, себеп дегенде, өлкөдө мыйзам үстөмдүгү болмоюн бул кайталана берчү көрүнүш, деп белгилейт макала автору.
XS
SM
MD
LG