Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12

ЮСАИД КЫРГЫЗСТАНГА ЖАРДАМЫН АРБЫТАТ


Азиза Турдуева, Бишкек АКШнын ЮСАИД -Эларалык өнүгүү агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 24-марттагы ыңкылаптан кийин бул жердеги программаларын каржылоону көбөйтүүнү көздөөдө. Уюм тарабынан Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү, бизнес тармагын өнүктүрүү, алдыдагы президенттик шайлоону өткөрүү жана башка иш-чараларга жардамдар берилмекчи.

ЮСАИД уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Клифорд Браундун маалыматына караганда, ыңкылаптан кийин уюм тарабынан каржыланган долбоорлорго бөлүнгөн каражаттын көлөмүн жогорулатуу пландаштырылууда. Кыргызстандагы долбоорлорду каржылоого кошумча 4 млн АКШ доллар акчасын бөлүү зарылдыгы жөнүндөгү өтүнүч уюмдун Вашингтондогу кеңсесине жөнөтүлгөнү турат. Буга байланыштуу Клифорд Браун мындай дейт:

- Бүгүн же эртең биз Вашингтонго 4 млн доллар өлчөмүндө Кыргызстандагы программалар үчүн кошумча каражат бөлүү өтүнүчүбүз менен кайрылабыз. Бирок, бул каражат ЮСАИДдин Кыргызстандагы көп тармактарда жүргүзүлүп жаткан программа, долбоорлору үчүн, анын ичинде алдыдагы шайлоолорду өткөрүүгө да жумшалат , - деп маалымдады Клифорд Браун мырза.

Анын айтымында, ЮСАИД Кыргызстандагы бийликтин алмашканына карабастан, мурдагы программаларын ишке ашырууну улантат:

- Биз Кыргызстанда өзүбүздүн программаларыбызды ишке ашырууну улантабыз. Аларга кошумча дагы жаңы долбоорлор да кошулушу ыктымал. Жаңы долбоорлор негизинен өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүү, азыркы өкмөттүн ачык-айкын иштешин камсыз кылуу, президенттик шайлоону акыйкат өткөрүү боюнча болушу мүмкүн , - деди ЮСАИДдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси.

ЮСАИДдин Кыргызстандагы кеңсесинин өкүлдөрү 12-апрелде вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнөв менен жолугуп, 24-26-мартта Бишкек шаарында орун алган талап-тоноолордон жабыр тарткан ишкерлерге өкмөт тарабынан кандай жардамдар көрсөтүлуп жаткандыгына кызыгып, ЮСАИД тарабынан да бул маселе боюнча жардам көрсөтүлүшү ыктымал экенин билдиришти.

Данияр Үсөнов өкмөт тарабынан бул маселе боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө:

- Биз талоончулуктун чыгымдарын аныктоо үчүн өкмөттүн токтому менен, өкмөттүк топту түздүк. Анткени, биз документтердин негизинде иштешибиз керек. Биз комиссия тарабынан чыгымга учурагандыгы аныктала турган ишканаларга салыктар, бажы төлөмдөрү боюнча жыл аягына чейин жеңилдиктерди бердик. Ал эми ири соода кампаниялары боюнча маселе өз алдынча каралат. Мисалы, таң калыштуусу, «Вета Stores» компаниясынын камсыздандырылышы да, аудити да жок экен. Алар өз чыгымын 10 - 20 млн доллар деп жатканы кайдан – мен билбейм , - деп билдирди.

Данияр Усөнов банкротко кабылган ишкана, кичи, орто бизнестин өкүлдөрүнө жардам көрсөтүү фонду түзүлгөнүн да маалымдады. Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучунун айтымында, талоончулукка учураган ишкана, компаниялардын чыгымдары 100 пайыз толукталышы мүмкүн эмес. Бирок, майда ишканаларга, кичи жана орто бизнестин банкротко учураган өкүлдөрүнө биринчи кезекте жардамдар көрсөтүлөт, деп билдирди Данияр Усөнов.

ЮСАИДдин Кыргызстандагы кеңсесинин башчысынын экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Эйман Доран талап-тоноолордон жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү маселеси боюнча:

- Азыр бизде бул маселени чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча талкуулар жүргүзүлүп жатат. Банкротко учураган ишкерлер, ишкана, компаниялардын өкүлдөрү менен консультациялык иштер жүргүзүлүүдө. Талап-тоноолордон жабыр тарткан ишкерлерге кандай түрдө жардамдар көрсөтүлүшү мүмкүн деген маселе азырынча бизнес-пландаштыруу стадиясында талкууланууда , - деди ЮСАИДдин өкүлү Эйман Доран мырза.

Ал эми ЮСАИддин долбоорлору боюнча адиси Ирина Крапивина билдиргендей:

- Вашингтондон Кыргызстанга кошумча жардам катары суралып жаткан 4 млн АКШ доллардын ичинен талап-тоноолордон банкротко учураган ишканаларга кандай түрдө жардам көрсөтүлөт азырынча белгисиз. Бирок, аларга түз жардам эмес, жалпысынан кырдаалдан чыгууга жардамдар көрсөтүлүшү мүмкүн , - деди Ирина Крапивина.

Данияр Үсөнов ЮСАИД уюмунун өкүлдөрүнө талап-тоноолордон болгон чыгым өкмөттүк комиссия тарабынан аныкталгандан кийин банкротко учураган ишканаларга жардам корсөтүү маселесин биргелешип талкуулону сунуштады.

АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча ЮСАИД уюму тарабынан 1992-жылдан бери Кыргызстанга ар тараптуу жардамдар көрсөтүлүп келет. Андан бери аталган уюм өлкөдө фискалдык, сот, саламаттык сактоо, мамлекеттик башкаруу жана башка тармактарындагы реформаларды жургүзүү, шайлоолорду өткөрүү, атуулдук коомду өнүктүрүү иштерине 170 млн доллар өлчөмүндө жардам көрсөттү.

XS
SM
MD
LG