Дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдөгү коррупциянын деңгээлин иликтеген эл аралык “Транспэренси интернешл” уюму Кыргызстанды эң бир коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарына киргизген. Ал эми Кыргызстандын Убактылуу өкмөтү башкы максаты катары коррупцияга каршы күрөштү атады.
Вице премьер министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов бажы, салык, алкоголь, энергетика, газ тармактарындагы чектен чыккан коррупцияны ооздуктоо менен жыл аягына чейин бюджеттин киреше бөлүгү 5 миллиард сомго көбөйөрүн билдирди:
Биздин эсептер боюнча, мыйзамдарды өзгөртпөй туруп эле быйылкы жыл ичинде бюджеттин киреше бөлүгүнө 5 миллиард сом киреше кошо алабыз.
Ал эми коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов жакынкы жылдары бюджетти 2-3-эсеге көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар экенин жарыялады.
“МСН” гезитинин башкы редактору Александр Ким бюджетти 5 миллиард сомго көбөйтүү реалдуу деген пикирде:
- Бүгүнкү күндө Бакиевдин өкмөтү бюджетке келбей жаткан каражаттарды кайтарууга реалдуу чараларды көрүүдө. Ошондуктан экономика жагын тейлеген вице премьер министр Данияр Үсөновдун бюджетке 5 миллиард сом кошулат дегенине ишенем. Бул өкмөт үчүн иштөөгө убакыт гана керек. Акаев жана анын коррупциялашкан жан жөкөрлөрү кырдаалды атайлап курчутуп, өкмөткө жолтоо кылууга аракеттенүүдө. Алардын максаты түшүнүктүү.
Өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү болсо коррупцияны ооздуктоо аракетинин бири катары Жогорку Соттун жетекчилигин кызматтан кетирүүнү талап кылууда. “Атуулдук коом коррупцияг каршы өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова эл аралык уюмдарды да ачык иштөөгө чакырды:
- Мен Кыргызстанга каржылык жардам берип келген эл аралык коомчулукка, өзгөчө банктарга кайрылгым келет. Силердин Акаев менен кызматташуудагы тажрыйба биздин өлкөнү катастрофага алып келди. Ошондуктан силердин долбоорлор, программалар ачык болуп, өкмөттүк эмес уюмдарга маалымат берилиш керек. Анын ичинде “Кумтөр оперейтинг компани” да ачык болуш керек.
“Акыйкат жана прогресс” партиясынын лидерлеринин бири Ишенбай Абдуразаков коррупция менен ооз жүзүндө Акаевдин бийлиги да күрөшкөн, жаңы бийликтин билдирүүлөрү иш менен бекемделсе натыйжа болот деген пикирде:
- Бюджетке келчү каражаттарды жолдо талатпай алып келсек, киреше бир канча көбөйүшү мүмкүн. Ал көрүнүп турган нерсе. Ошону азыр айтып жатышат. Ал эми аткарууга алардын кудурети жетеби, жокпу -маселе ушунда. Эгерде жетпесе, баары мурунку бойдон эле калат.
Коррупция цивилизациялашкан батышта да бар экени маалым. Европа комиссиясы ар кандай ыкма менен аны ооздуктоого аракет кылып келатканы белгилүү. Алардын ичинде чиновниктердин айлыгын көбөйтүү, социалдык жеңилдиктерди берүү ыкмалары колдонулган.
Бирок эң натыйжалуу салымды Европа парламентинин жана Биримдиктин чиновниктеринин ачыктыгы жөнүндөгү институт гана кошо алган. Маселен, 1999-жылы Европа парламенти Европа комиссиясынын төрагасы Жак Санте баш болгон комиссарларды коррупцияга байланыштуу айыптап, тийиштүү далилдерди келтиргенде, алардын баары кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.
Кыргызстанда да бир бийлик бутагынын монополиясына жол бербеген, бийликтин бардык бутактары тең салмакташкан система түзүлгөндө, жогорку деңгээлдеги коррупцияга жол бербөөгө, андай көрүнүш орун алса, өз убагында бетин ачууга жол ачылмакчы.