Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

ПРЕЗИДЕНТТИК ОРУН БИРӨӨ - ТАЛАПКЕРЛЕР КӨП


10-июлга белгиленген президенттик шайлоо Кыргызстандын саясий турмушундагы олуттуу окуя. А.Акаев тушунда конституциялык эки мөөнөттүн үчкө алмаштырылышын көнүмүш катары кабыл алган кыргыз коому ушу тапта мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын кескин кыскартуу, акырындап парламенттик республикага өтүү идеясын көтөрүүдө. Анткен менен, президент болууга талаптангандардын саны күндөн-күнгө өсүп баратат.

Президент болгусу келгендердин баки-жогу бул жооптуу ишке бел байлап атышынын себеп-жөнүн көпчүлүктүн өтүнүчү менен жасап жатканына байланыштырышат. Асыресе, өкмөт башчылыктан кеткенден кийин Алабука аймагынан парламент депутаттыгына талапкерлигин койгон Курманбек Бакиев шайлоочулары ага ушундай талап коюшканын атайын белгилеген жайы бар. Президент шайлоого талапкер катары катышарын ал 24-марттагы элдик ыңкылаптан кийин да ырастады.

Калк арасында президент шайлоодо негизги атаандаштык эки талапкердин – Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун ортосунда жүрө тургандыгы 24-марттагы элдик ыңкылаптан соң арбын айтыла баштады.

«Арнамыс» партия жетекчисине каршы коюлган 18 томдон турган кылмыш иштери Жогорку сот тарабынан жокко чыгарылып 11-апрелде Ф.Кулов толук акталып чыкты. Ушул эле күнү ал журналисттер үчүн маалымат жыйынын чакырып, көпчүлүктүн кызыгуусун арттырып келаткан маселе калк ынтымагына барып такаларын эскертип, жооптуу кадам жасардын алдында К.Бакиев менен кеңешип алуусу туура болорун айтты.

- Мен үчүн бул өтөле оор маселе. Ал баарыдан мурда биздин өлкөдөгү элдин биримдиги менен бейпилдигин сактоого байланыштуу. Муну айтып аткан себебим, өлкөнүн туруктуулугуна таасир көрсөтө алчу биртоп жагдайлар бар. Менин шайлоого катышар-катышпасым күтүлбөгөн натыйжага алып келбеши үчүн баарын жакшылап таразалап, Курманбек Бакиев менен сүйлөшүүм керек. Ушундан кийин гана бир чечимге келем. Билесиңер, бул өзү жооптуу кадам.

Эгерде эки талапкер ымалага келе албаса көпчүлүктүн өтүнүчүн жерге таштабай экс-спикер Абдыганы Эркебаев да президенттик кызмат үчүн ат салышарын 13-апрелде жарыя кылды.

- Эгерде экөө жанагындай бир пикирге келбесе, бир тилге келбесе анда мен да коюшум толук ыктымал. Анын үстүнө айттым го, ушундай өтүнүчтөр болуп атат.

Президентик шайлоого катышарын мындан бираз мурдараак Кыргызстан социал-демократиялык партиянын жетекчиси Алмаз Атамбаев, ага улай «Вitel» компаниясынын жетекчиси Нурбек Турдукулов билдиришкен. Эки талапкер тең ишкердик аркылуу элге таанылган.

А.Атамбаев кийинки жылдары А.Акаевдин саясатын ачык сындап, 2000-жылкы президент шайлоодо аны менен атаандаштыкка чыкса, Н.Турдукулов эски бийликке лоялдуу ишкер. Ал түзгөн Кыргызстандагы жаңы байланыш тармагынын 90% жакынын камтыган ири компания тапкан кирешенин кыйла бөлүгү «үй-бүлө» чөнтөгүнө, Айдар Акаевди байытууга жумшалып келгени жакындан бери ачык айтылууда.

Атаандаштардын саны арбып баратканын көргөн соң ак жоолукчандардан эмне үчүн президент чыкпашы керектигин айтып, биртоп чыгармачыл биримдиктердин мүчөсү, жазуучу, журналист Салима Шарипова талапкерлигин кое тургандыгын жарыя кылды.
- Эгер шайлоо 26-июлга чейин өтпөсө биздеги чоң-кичине башчылардын жанында топтолчулар көбөйө берет. Аны карап туруп а эмне үчүн мага президенттике коюуга болбосун деп ойлоп атам. А эмнеге болбосун, менин эки билимим бар, инженер-экономистмин. Төрт өлкөгө таанымал журналист, жазуучумун. Мага болбойт бекен?

Президент шайлоо мөөнөтү жарыяланды. Талапкерлердин калың катары эми дагы көбөйө берет. Эгемендик тушундагы 15 жылдык тажрыйбаны, анан да талпынган талапкерлерди көрүп бүйрү кызыгандардын саны дагы арбыйт болуу керек.

XS
SM
MD
LG