Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

БЕРМЕТ АКАЕВА КЫРГЫЗСТАНГА ЭМНЕ ҮЧҮН КАЙТЫП КЕЛДИ?


24-мартта Кыргызстандан шашылыш чыгып кеткен Президент Аскар Акаевдин кызы, Жогорку Кеңештин депутаты Бермет Акаеванын Кыргызстанга кайтып келиши коомчулуктун бүйүрүн кызыткан башкы окуя болууда. Бермет Акаева өзү болсо депутаттык ишине кайтып келгендигин билдирди. Анын иниси Айдар Акаев да Кеминден шайланган депутат катары Жогорку Кеңешти ишин улантканы жатат. Айрым саясатчылар мындай бурулушту өлкөдө кырдаалдын курчушун шарттоочу жагдай катары баалап жатышат.

Бермет Акаеванын билдиргенине караганда, депутаттык ишти улоого тоскоол боло турган жагдай жок:

- Мен кыргыз эли тарабынан эч кандай проблема болбойт деп ойлойм. Анткени, мен шайлоо өнөктүгүндө көптөгөн адамдар менен жыйын залдарында, көчөлөрдө жолугушууларды өткөргөм. Ошол учурларда мага же атама элдин эч кандай жаман мамилесин байкаганым жок. Албетте, мага карата кандайдыр бир чагымчылык кылууга ар дайым мүмкүнчүлүк түзүлүүчү жагдай бар. Бирок бардыгы жакшы болот деп ойлойм

Бирок, Бермет Акаеванын Кыргызстанга кайтып келишине чыдамсыздык менен мамиле кылган атуулдардын чакан тобу бул күнү дароо парламентке келип, Акаеванын пайда болушу үчүн Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевди айыпташты. Парламентти таратууну талап кылышты, парламентке кирүү аракетин жасашты :

- Спикердикти берип койсо эле элдин атынан соода кыла береби бул. Жетет. Кетсин ошо Акаевдер менен бирге. Кетсин Акаева биздин кыжырыбызды келтирбей, - деген өңдүү пикирлерин билдиришти.

Ал эми Жогорку Кеңештин тараткан маалыматына караганда, төрага Өмүрбек Текебаев жана анын орун басары Болот Шерниязов Акаева менен жолугушуп, аны шайлоо участокторуна байланыштуу соттук териштирүүлөр бир ыктай чечилгиче парламенттин ишине катышпай турууга макулдатты. Муну жетекчилер жаңы толкундоолорду болтурбоо аргасы менен байланыштырышты.

Бул аралыкта Бермет Акаеванын келишин саясатчылар Акаевдин бийлигин кайра калыбына келтирүүнүн, байлыгын сактап калуунун жолдорун иликтөөчү кадам катары баалап жатышат. Мындай пикирин «Эркиндик» саясий партиясынын башчысы Топчубек Тургуналиев билдирди. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов Акаеванын келишин чагымчылык жасоо аракети менен байланыштырды:

- Акаеванын кайтып келиши – бул, биздин оюбузча, провокация. Атайын Кыргызстандагы кырдаалды курчутуш үчүн, дестабилизацияга алып барыш үчүн.

Эдил Байсаловдун оюнда жагдайды курчутпаш үчүн азыркы өкмөт Акаевдин режиминин жүзүн ачуу үчүн чечкиндүү аракеттерди көрүшү зарыл.

Анткен менен «Алга, Кыргызстан!» саясий партиясынын атынан шайланган депутат Олег Журавлевдун пикиринде Бермет Акаеванын депутат катары ишин улантууга толук укугу бар:

- Өкмөт өлкөнүн ар бир жаранынын кепилдиктерин камсыздашы керек.

Бирок, депутат Дооронбек Садырбаевдин оюнда Акаевдердин үй-бүлөсүнүн Кыргызстанда пайда болушу өлкөдөгү бейстабилдүүлүктүн пайда болушун шарттайт. Ошондуктан, анын депутаттык ишин парламент колдобой коюшу толук ыктымал:

- Дал ушу Бермет Акаевага кылмыш ишин ачтырып туруп (президент Акаевден айырмалуу жагы) Бермет Акаева менен Айдар Акаевдин кол тийбестигин ушул эле парламент чечип кое алат.

Дооронбек Садырбаевдин мындай пикири «Алга, Кыргызстан» партиясынын мүчөсү, депутат Роман Шинди ынандырган жок:

- Мен бул маселени колдогудай Бермет Акаева кандайдыр бир мамлекеттик кылмыш жасагандыгы тууралуу уккан эмесмин.

Бирок, Топчубек Тургуналиевдин оюнда Акаевдердин үй бүлө мүчөлөрүнө карата иш козгоого толук негиз бар. Анын айтымында, «Эркиндик» саясий партиясы Акаевге каршы 11 факт боюнча иш козгоону сурап өкмөткө жана башкы прокуратурага кайрылды. Ошондой эле азыркы бийлик жагдайды чечкиндүү аракеттер менен жөнгө салышы керек деп эсептейт:

- Мыйзам негизинде буларга кылмыш козгош керек дагы, бүгүнкү бийлик чечкиндүү аракеттерди жасашы керек.

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер министр Курманбек Бакиев болсо өкмөт Акаеванын Кыргызстанга келишине тоскоолдук болгон жок деп билдирди. Анын оюнда, Акаевдердин үй бүлөсүнө байланышкан маселелердин бардыгы мыйзам чегинде сот аркылуу чечилиши керек. Мындай пикирин Курманбек Бакиев 14-апрелде АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфельд менен бирге Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG