Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:19

“ИНТЕР” ЖАЗАЛАНЫШЫ МҮМКҮН


Айнура Жекше кызы Бул сезон европалык футбол үчүн терс көрүнүштөр менен өзгөчө коштолду. Былтыр күзүндө Чемпиондор лигасы старт алаары менен Римде швециялык арбитрге чабуул жасалган. Ошол эле судья “Челси” клубунун күйөрмандарынын коркутуп үркүтүүлөрүнө чыдабай жакында пенсияга чыгып кетти.

Үстүбүздөгү аптада италиялык “Интер” жана “Милан” командалары ортосунда Чемпиондор лигасынын чейрек финалдык матчы аягына чыкпай токтотулду. Көрүүчүлөрдүн трибунасынан ыргытылган от чачыраткан шамана (петарда) “Миландын” дарбазачысы Диданын башына тийгенден кийин арбитр матчты улантпоону чечти. Эми Футбол боюнча европалык федерация (УЕФА) инцидентке байланыштуу кандай чара көрүлөөрүн аныктоого тийиш.

Бул күн Италия футболунун майрамына айланат деп көптөрү күтүшкөн эле. Европанын кадыр барктуу мелдешинин чейрек финалына Миландын эки командасы чыккан. Майрамдын ордуна бул беттешүү италиялык ышкыбоздор үчүн кайгылуу аяктады:

-Ийиним бир аз күйүп, шишик тарай элек дейт “Миландын” дарбазачысы бразилиялык футболчу Дида.

Каршылаш команданын күйөрмандары, же фандары отурган трибунандан ыргытылган петардалардын бири ага барып тийген.
73 мүнөттө арбитр оюнду токтотууга аргасыз болду.

Эми команданын ишин УЕФАнын дисциплинардык кеңеши карайт.
“Интер” Чемпиондор лЛигасынын жарышынан четтетилген алгачкы клуб болуп калышы ажеп эмес. УЕФАнын маалымат катчысы Уильям Гайллард: “Дисциплинардык кеңештин колунда ар кандай санкциялар бар. Биз мындай окуя кайталанбайт деп кепил болушубуз керек,” – деди.

“Интер” командасынын президенти окуя үчүн кечирим сурап, стадионго чогулган 83 миңге жакын кишини контролдоп туруу оңой эместигин айтты. “Клубдун аброюна шек келтирилди,” –деди Жакинто Факетти.

“Интердин” оюнчусу Марко Матерацци 2008-жылкы кышкы Олимпиаданы кабыл алууга даярданып жаткан Италиянын имиджине чоң залака тийди дейт. Андан тышкары өлкө 2012-жылы футбол боюнча европалык чемпионатты өткөрүүгө талапкерлигин койгону жатат.

-Мындай окуяга жол берилбеши керек эле. Өзгөчө Италиянын эки командасы беттешип жаткан кезде. Сырттан көргөндөргө бул абдан эле терс таасир этти деп ойлойм-деди Марко Матерацци.

1-0
эсеби менен утуп жаткан “Милан” жарым финалдагы орунду камсыз кылган. Бирок командада жеңиш маанайы жокко эсе дейт украиналык форвард Андрей Шевченко. Ал:

Албетте, биз кубанышыбыз керек. Бирок майрамдык маанайыбыз жок. Мындайды эч кимибиз күткөн эмесбиз. Тилекке каршы, футболисттер жагдайды жакшыртууга көп нерсе жасай алышпайт. Оюнду көрүүгө келген элге да жаман болду. Матчты бир ууч киши үзгүлтүккө учуратып, майрамды бузуп коюшту-деди.

Италиянын премьер-министри жана “Милан” клубунун ээси Сильвио Берлускони хулигандарга каршы чечкиндүү чара көрүлөт деп сөз берди. Өлкөнүн футбол федерациясы бейбаштыкка жол берилсе эле, судьялар матчты токтотууга укуктуу деген чечим кабыл алды. Эгерде кайсы бир команданын ышкыбоздору оюндун нормалдуу жүрүшүнө тоскоолдук кылышса, ошол клуб 0-3 деген эсеп менен жеңилди деп таанылат.

Бирок ички иштер министри Жузеппе Пизану бул жетиштүү эмес деп эсептейт. Пизану командалар, алардын демөөрчүлөрү да тартипсиз фандарга каршы жетиштүү чара көрбөй келатышат деп ырастайт.
XS
SM
MD
LG