Митингдин катышуучулары Бермет Акаеванын парламенттин ишине катышуусуна байланыштуу түшүндүрмө берүүнү Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевден талап кылышууда. Спикер митингчилерге чыкпагандан кийин алар парламентке кирүүгө эки жолу аракет жасашып, митингчилер менен милиция кызматкерлеринин ортосунда тирешүү болуп кетти. Кошумча күчтөр алып келинип, азыр милиция кызматкерлери парламентти курчап турат.
14-апрелде Бермет Акаева күтүүсүздөн Кыргызстанда пайда болуп, Жогорку Кеңештин отурумуна катышууга аракет кылган. Парламенттин маалымат кызматынын билдиришинче, спикер Өмүрбек Текебаев Бермет Акаевага анын Жогорку Кеңеште пайда болушу өлкөдөгү кырдаалды курчутушу мүмкүн экенин айтып, парламенттин ишине катышпоосун сурангандан кийин, ал депутаттар биринчи эс алууга чыкканда парламенттен кетип калган. 15-апрелде Бермет Акаева парламенттин ишине катышкан жок.
№1 Университет шайлоо округу боюнча Бермет Акаеванын атаандашы Болотбек Марипов депутаттардын алдында чыгып сүйлөп, анын арызын Жогорку сот карабай жаткандыгын билдирди.
Митингди "Демократия жана атуулдук коом үчүн" коалициясы, «Кел-кел», «Бирге», «Интербилим» сыяктуу бейөкмөт уюмдар жана Болотбек Мариповдун жактоочулары уюштурганын айтылууда.