Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:13

БЕРМЕТ АКАЕВАНЫН БИШКЕККЕ КЕЛИШИНЕ КАРШЫ НААРАЗЫЛЫК ИШ ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ


Бакыт Аманбаев Кызматтан четтетилген мамлекет башчы Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаеванын Кыргызстанга келгендигине байланыштуу 15-апрелде Жогорку Кеңештин имаратынан алдында нааразылык иш чарасы уюштурулду. Чогулган эл Бермет Акаеванын өлкөдөн чыгып кетишин жана парламентти таратууну талап кылышты. Ушул эле күнү парламент Бермет Акаева депутат болуп шайланган №1 Унивеситет шайлоо округу боюнча маселени кароону Жогорку сотко жана БШК тапшыруу тууралуу токтом кабыл алды

Эрте мененки саат ондор чамасында Жогорку Кеңештин алдына беш жүзгө жакын атуул топтолду. Алар «Акаевдерге Кыргызстанда орун жок», «Акаевдин кызы жоголсун», «Бермет сатып алган депутаттык мандатыңды кайтарып бер» деген сыяктуу плакаттарды кармап турушту.

Биз алардын айрымдарын сөзгө тарттык:

-Бермет Акаевага парламентте орун жок. Ал өлкөдөн кетиши керек. Бермет келдиби анын артынан баласы, андан соң Акаев келет. Анда биздин бийликти алмаштырганыбыз кайсыл. Ошондуктан Акаевдерди өлкөгө келтибеш керек. деди Бакайата районундагы Бойтерек айылынан келген Абыканова Жибек.

Анын жанында турган аял мындайча оюн билдирди:

-Мен ушул Бишкекте жашаган пенсионермин. Жанагы Бермет айткандай чириген интеллигенцияга кирем. Менин айтарым, Аскар Акаев элин аттырып, жерин саттырып, шайлоодо өз адамдарын колдоп, мыйзамды бузду. Анын натыйжасында гана ушундай окуя болду. Ал эми ушундай мезгилде Берметтин өлкөгө келиши кырдаалды дагы курчутат. Муну элдин баары билет.

Аңгычакты топтолгон элдин саны көбөйүп кетти. Алар депутаттарды кууп чыгуу үчүн парламент имарат ичине күч менен кирүүгө аракет кылышты. Баш аламандык башталып, пикетчилер менен милиция кымзаткерлери муш коюшуп кетишти.
Ушул мезгилде парламент имаратын тосууга кошумча милиция кызматкерлери келди. Алар жулкунган элди парламент имаратына киргизбей калышты.

Андан соң нааразылык акциясынын катышуучулары Бермет Акаеваны Кыргызстанга Аскар Акаев менен Москвага сүйлөшүүгө барган депутаттык комиссия алып келгендигин айтышып, мына ошол парламент комиссия башчысы, төрага Өмүрбек Текебаев кызматтан кетсин деп кыйкыра башташты. Алар «Текебаев кетсин, «Бермет Акаева кетсин», «парламент тарасын» деп кыйкырып турушту.

Андан соң Университет шайлоо округунан Бермет Акаевага атаандаш болуп депутаттыкка ат салышкан талапкер Болотбек Марипов Жогорку Кеңешке кирип, депутаттардын алдында сөз сүйлөдү. Ал Бермет Акаева админстративдик ыкмаларды колдонуп, мыйзам бузуу менен шайлоочулардын добушун сатып алып жеңишке жетишкендигин айтып, анын арызын Жогорку сот жана БШК карабай жаткандыгын маалымдады. Ушул эле күнү депутаттар Университет округу боюча талаш-тартышты кароону Жогорку сотко жана БШК тапшыруу тууралуу токтом кабыл алышты.

Белгилей кетүүчү нерсе, бул күнү Бермет Акаева парламент отурумуна катышкан жок. 14-апрелде ал Жогорку Кеңеш отурумуна катыша берерин жана «кыргыз эли менин өлкөгө келишиме эч кандай тоскоолдук кылбайт» деген пикирин журналистерге билдирген.

Ал эми Жогорку Кеңеш имарат сыртында Бермет Акаеваны жана жаңы парламентти таратууну талап кылган нааразылык акциясы кечке чейин улантылды.

Биз азыркы парламенттин тарашын талап кылабыз. Ал үчүн элди кайрадан көтөрүү керек. Мен Акүйдүн жана Жогорку Кеңештин алдына узак мөөнөттүү нааразылык акциясына чыгып мына ушундай талаптардын ишке ашыруу зарыл деп ойлойм. -деди өзүн Алым деп тааныштырган Бишкек шаарынын тургуну көпчүлүккө кайрылып.

XS
SM
MD
LG