Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:17

ТУРОПЕРАТОРЛОР БУШАЙМАНДЫГЫ


Чолпон Орозобекова Тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева бүгүн туроператорлор менен жолугушту. Жолугушууда ыңкылаптан кийинки өлкөдөгү кырдаал талкууланып, жай ортосуна белгиленген президенттик шайлоо туристтерди качырат деген тынчсыздануу айтылды.

24- марттагы ыңкылапта Euronews, CNN, BBC жана башка дүйнөлүк кызматтар аркылуу Кыргызстан деген тоолуу өлкө бар экенин дүйнө жүзү билди. Лидия Иманалиева «бир жагынан жакшы болгону менен бу жолу Кыргызстан анча деле жакшы жагынан таанылган жок, 24-марттагы окуядан кийинки бүгүнкү саясий кырдаалдан улам бир топ мамлекеттер Кыргызстанга этияттык менен карап турушат» деди.

Лидия Иманалиеванын айтымында, тышкы иштер министрлигине бир нече мамлекеттерден тынчсыздануу нотасы келсе, 12 өлкө өз атуулдарына эскертүү жасап, Кыргызстанга барбай турууга чакырган:
-24-25 марттан кийин биз дагы ар кандай бушаймандык жана адекваттуу чаралар менен коштолгон ноталарды алдык. Андан кийин мамлекеттердин эскертүүлөрү коштоду. Евробиримдикке кирген 12 өлкө өз атуулдарына эскертүү жасады. Мунун баарын жайгарганга аракет кылып жатабыз. Жада калса айрым өлкөлөр өз атуулдарын чыгарып кетүү чечимин кабыл алган. Алматыдан жана Ташкенден автобустар келип, Чехиядан жана Польшадан келип бул жакта окуп жаткан студенттер кетпейбиз десе да, «жок, автобуска түшкүлө» деп алып кетишкен. Азыр ар бир өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен өзүнчө жекече иш алып барууга туура келип жатат.

Жолугушууда туристтик компаниялар анча деле оптимисттик маанайда отурушкан жок. Туроператорлордун көпчүлүгү быйылкы сезонду чочулоо менен күтүп жатышканын айтышты. «Главтур» компаниясынын вице- президенти Светлана Усувалиева былтыркы сезон жакшы болгонун, ал эми быйыл туристтердин саны кескин азайары эмитен көрүнүп калганын билдирди. Светлана Усубвалиеванын пикиринде, өлкөдөгү кырдаал турукташып баратканы менен 10-июлга белгиленген президенттик шайлоо чочутуп турат:
-Жылыга кабыл алып келген туристтерибиз, меймандарыбыз быйыл келгенден чочулап атышат. Бул дата, 10- июль, так сезон кызыган убак, а бизде болсо сезон ансыз да кыска. Президенттик шайлоонун июлга белгиленгени эмитен эле таасирин тийгизип жатат. Шайлоонун учурунда кимдир бирөөлөр толкундоолор болот деп күтүп жатышат, андай болушу толук мүмкүн да.
Туроператорлор Баткен коогалаңы, Барскоон жана Аксы окуялары учурунда да туристтердин саны бир кыйла азайганын айтып отурушту. «Нураз- тейвел» туристтик агенттигинин жетекчиси Нурдин Мурзулуков, туристтер өлкөдөгү кырдаал менен мыкты кабардар экенин эске алганда да, 24- марттан берки окуялар жана президенттик шайлоо чет өлкөлүк меймандарды чочутат деп ырастады:

-Мен кескин кыскаруу болот деп ойлойм. Себеби Европадан келе турган туристтер шайлоо кандай өтөт деп күмөн санап турушат. Баары теле жана пресса аркылуу акмалап атышат.

Кыргызстандагы туроператорор ассоциациясынын мүчөсү, The silk road Lodge туристтик компаниясынын жетекчиси Иен Клейтор ушул күндөрү чет өлкөлөрдөн келчү меймандардын көңүлүн тынчытуу аракеттери жүрүп атканын айтты. Клейтор мырза турситтерге Кыргызстандагы окуялар CNN жана башка каналдарда башкы окуя болбой калганы бул өлкөдө кырдаал стабилдешкенин билдирет деп айтып жатам дейт.

The silk road Lodge компаниясы европалык туристтер менен иштешип келет. Иен Клейтор бир топ мамлекеттер өз атуулдарын Кыргызстанга келүүдөн баш тартууга чакырып жатканы азырынча ишти жайлатып жатат дейт:
-Бардык эле өлкөлөр, мисалы, Улуу Британия мурда таптакыр барбагыла деп эскерткен болсо, эми кырдаал турукташты, бара бергиле, бирок киши көп жерде турбагыла деп сунуштап жатат. АКШ болсо дале кармангыла деп атат. Германия, Австрия, Нидерланд, Австралия өңдүү өлкөлөрдүн ырасмий интернет-баракчаларында Кыргызстанга барбоо тууралуу эскертүүлөр турат.
Жолугушууда туроператорлор кыргыз өкмөтүнөн быйыл турситтик сезондун болушу үчүн чукул чараларды көрүүнү суранышты. Виза алуудагы бюрократиялык обужок тоскоолдуктарды жеңилдетүү, паспорттук системадагы башаламандыкты жоюу жана коңшу өлкөлөр менен чек ара маселелерин чечүү өңдүү маселелер ортого коюлду.
Тышкы иштер минитсринин орун басары Лидия Иманалиева болсо Кыргызстандын туристтик бейнесин кайтарыш үчүн өкмөт болгон аракетин жасайт деп убада берди.

XS
SM
MD
LG