Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

ӨКМӨТ БАШЧЫ УБАКЫТ СУРАДЫ


Бекташ Шамшиев 15-апрелде парламентте өкмөт башчы өлкөдөгү саясий-социалдык абалды турукташтыруу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Курманбек Бакиев жаңы өкмөттүн негизги иш багыты коррупцияны ооздуктоо, жаңы жумуш орундарын түзүү, жакырчылыкты азайтуу экенин билдирди.

Курманбек Бакиев экономикалык кырдаал азырынча кыйла эле оор экенин айтып, жазгы талаа жумуштары маалынан кечигибирээк башталып жатканын маалымдады. 24-марттан кийинки талап-тоноолор боюнча 159 кылмыш иши ачылып, талоончулукка катышкан деген шек менен 131 адам кармалганын кабарлады.

Анткен менен, кырдаалдын жайына келиши кыйла кашаң жүрүп жатканын, ага 5-апрелден башталган жер басып алуу себеп болуп жатканын билдирди. Бишкекте 9, Аламүдүндөн 4, Сокулуктан 2 талаа жер ээленген. Учурдагы жагдай кандай экенин сурап Кыргызстандын ички иштер министри Мыктыбек Абдылдаевге кайрылдык.

- Ар бир топтун өзүнүн лидери болуп атат да. Алар мына момундай кылып бул жерден жер маселесин чечели, пайдабызды көрөлү деп чыккандар. Мына ошол топ башчылар менен биздин байланыш бар, биз аларды билебиз. Алар менен сүйлөшүп атабыз. Алар менен сүйлөшүп баарын тең мыйзамдын негизинде гана чечкендей кылалы деп, ички иштер органынын кызматкерлери жалаң ушул жак менен иштеп жатат.

Жаңы өкмөт жер алууга укуктуу арыз менен кайрылгандардын баарына үй курууга жер, каалоочуларга ипотекалык кредит берилерин жарыя кылды. Өкмөт башчынын айтымында, ипотекалык кредит берүү маселеси ушул айдын аягынан кийинки айдын башына чейин чечилип калышы ыктымал. Жагдай аз-аздан калыбына келүүдө деп айтты К.Бакиев «Азаттык» кабарчысынын суроосуна берген жообунда.

- Азыркы жагдайды кандай деп айтасыз?

- Жакшы эле. Кудаага шүгүр, ахывал оңолуп атат, абал турукташып баратат. Мен ойлойм, ушул парламент менен биргелешип момундай абалдан тезирээк чыгышыбыз керек.


- Дагы бир суроо. Өткөндө Феликс Кулов мен президенттик шайлоого барышымды Курманбек Бакиев менен макулдашып айтам, деди эле. Ага сиз эмне дейсиз?

- Сүйлөшөбүз. Убагы келгенде Феликс Шаршенбаевич менен сүйлөшөбүз. Ага чейин убакыт боло элек али. Болгондо жолугуп сүйлөшөбүз.

Парламент депутаты Ж.Сатыбалдиев президенттик акимчилик башчысы Ү.Сыдыковдун парламентти таркатуу тууралуу билдирүүсүнүн себеп-жөнүнө кызыкты.

- Ошого сиз өзүңүз кандай карайсыз. Ошол туурабы?

- Туура эмес.

- Туура эмес болсо эмне чара көрбөйсүз, өзүңүздүн ушул өкмөт мүчөлөрүнө?


- Мына ушул жерде отурган өкмөт мүчөлөрү, администрация башчылары, бүгүн канчанчы күн, 15-апрелби, иштешкендерине 20 күн боло элек.

Үсөн Сыдыков парламентти таратуу жөнүндө кеп кылбаганын, анын телекөрсөтүү аркылуу сүйлөгөн сөзүн толук укпай эле айрым депутаттар маселени күчөтүп атканын айтты.

- Мына азыркыдай, мен барган жерде эл талап кылып атат парламент кетсин деп. Бирок, айткан жерим бар, «жолдоштор, буга чейин дагы бир указ менен таркатып жүргөн, мындай болбойт. Себеби дегенде, булардын ичинде таза, татынакай шайлоодо келген адамдар бар.» Ошол үчүн бул парламент иштейт.

Президент шайлоонун кам-чому көрүлүп аткан чакта жаңы өкмөттүн жасап жаткан иши болочокко багытталары белгилүү го. Депутат К.Байболов жаңы өкмөт шайлоого кантип бара тургандыгына кызыкты.

- Бизди кандай өкмөт күтүп жатат, кандай конституциялык өзгөрүүлөр күтүп жатат, кандай идеологиялык өзгөрүүлөр болот, эмне деген өзгөрүүлөр болот? Мына ушулар тууралуу кеп болот го деп ойлойм да.

Парламент спикери өлкөнү туруктуулукка алып келүүнүн бир жолу катары саясий күчтөр жеке дымактарын таштап, жалпы кызыкчылык үчүн баш кошуусу зарыл экенин билдирди.

- Биз эсибиз барда этегибизди жыйып, бирдиктүү иш-чараларды эл алдында айтып, мынабул иштерди тез жасашыбыз керек деп, биз баарыбыз – жакшы көргөнүбүз да, жаман көргөнүбүз да ушунун алдында бириктик, ал кетсин – бул кетсин дей берсек өлкөдө тартипсиздиктен, анархиядан башка эчким калбайт.

К.Бакиев жаңы өкмөт курамын парламенттин жактыруусуна коюуну бираз кийинкиге жылдырууну, ал үчүн дагы эки апта убакыт берүүнү өтүндү.

XS
SM
MD
LG