Мөөнөтүнөн мурда боло турган президенттик шайлоодон кийин утулган талапкерлер элди көтөрсө, анда өлкөнүн биримдигине, тынчтыгына, ынтымагына олуттуу коркунуч болоору ачык айтылууда. Ошондуктан президенттик шайлоого бара турган талапкерлер ортосунда макулдашууга кол коюлуп, анда жеңилип калган талапкерлер көчөгө элди алып чыкпайбыз деген милдеттенме алыш керек деп сунушталууда.
Бул багыттагы билдирүүнү 15-апрелде Жогорку Кеңеште депутат Адахан Мадумаров жасады:
- Мен президент болом деген жигиттер азыртан баштап, мырза келишимин (джентельменское соглашенине) түзүш керек. Ким жеңип чыккан болсо ага ак калпак кийгизип, чепкенди жаап, кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн батаны берип, жеңилишти моюнга ала турган келишим болуш керек.
Аны президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Курманбек Бакиев колдоп, бирок утулган талапкерлер нааразылык чараларын уютура коюу өнөкөткө айланганын билдирди.
“Арнамыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев президенттик кызматка талапкерлер ортосунда кандайдыр бир макулдашуу болушу керектигин жактаарын билдирди:
- Андай макулдашуу керек. Өзгөчө азыркы кезде керек. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын көрдүк. Ошондуктан талапкерлер ортосунда жигиттик макулдашуу жасалмайынча болбойт.
Ушундай эле маанайдагы пикирин Социал-демократиялык партиясынын төрагасынын орун басары Мелис Эшимканов да билдирип, андай келишимди түзүү Бакиев менен Куловго байланыштуу дейт:
- Келишим болсо туура эле болмок. Эми анын болушу эки лидерге, Кулов менен Бакиевге байланыштуу.
Эмил Алиевдин пикиринде президенттик шайлоого 6-7 талапкер катышат. Ал эми Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдо мүмкүнчүлүк чоң экенин баары эле белгилеп келатышат. Бирок “Арнамыс” партиясынын лидери президенттик шайлоого барар-барбасын Курманбек Бакиев менен кеңешүүдөн кийин ачык айтаарын билдирген.
Булардан сырткары президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн Ош облусунун мурунку губернатору Накен Касиев, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров, Социал-демократиялык партиясынын лидери Алмаз Атамбаев, ишкер Нурбек Турдукулов, мурунку депутат Жаныш Рустанбеков билдирген.