Бермет Акаеванын Кыргызстанга келгенин эч ким билген эмес, кокусунан Жогорку Кеңештин сессиясына кирип барганы коомчулукту дендароо кылды. Экс- президенттин кызы ошол күнү журналисттерге иниси Айдар экөө депутаттык полномочиелерин улантышаарын айтты.
Бермет Акаеванын айтымында, ал шайлоодо таза жана ачык –айкын иштеди. «Менин атаандаштарымдын бири дагы сотко кайрылган жок» деп билдирди Бермет Акаева.
Атаандашы Болот Марипов 15- апрелде парламентте сүйлөп, анын бул сөздөрүнө кыжырдануусун билдирди.
Болот Марипов билдиргенге караганда, 24- мартка чейин Боршайком анын жазган арыздарын карабай келген. Ал эми шайлоодогу мыйзам бузуулар жөнүндөгү арызын райондук сот дал ыңкылап болоор күнү карап канааттандырган эмес. 24- марттан кийин арызын караган Жогорку сот да арыздануучу тараптын дооматтарын четке каккан. Болот Марипов кайра анын арыздарына байланыштуу аракетсиздигин көрсөткөндүгү үчүн Боршайкомду да сотко берди. 4- апрелде Жогорку сот андай мазмундагы арызын да четке каккан.
Коомчулукта болсо экс- президенттин балдарын депутаттык мандаттан ажыратууну талап кылган толкундоолор күч алууда. Алардын көпчүлүгү Аскар Акаевдин уул- кызы гана эмес, «Алга, Кыргызстан» партиясынын депутаттары да парламенттен кетсин деп жатышат:
- Бермет менен Айдар сыйы менен өздөрү мандаттан баш тартышы керек. Бул экөө тең эстүүлүк кылып, эчак кетип калышы керек болчу. Эң биринчи талабыбыз- Бермет кетсин! Парламентте кала турган болсо, анда бизге мындай парламенттин кереги жок.
- “Алга, Кыргызстан” партиясы Берметтин “чүрпөсү”. Андан шайланган депутаттын баары -Акаевдин куйруктары. Биз ошол партияга тиешеси бар депутаттын баары парламенттен кетишин талап кылабыз.
Шайлоого «Алга, Кыргызстан» партиясынын атынан ат салышкан депутат Маамытбай Салымбеков бул мандатка моралдык укугу барбы же жокпу балдар өздөрү чечсин дейт:
- Бермет менен Айдар өздөрү чечиши керек. Атасы элди таштап, өлкөдөн качып кеткенден кийин депутат болууга моралдык укуктары барбы же жокпу ойлонушсун. Илгери Бабур деле качып кеткенден кийин кайткан эмес, жада калса балдары артка келген эмес. Кыргызда элин таштап качып чыккан хандын баары артка кайтчу эмес.
Жогорку Кеңештин атын атабоону суранган депутаты Аскар Акаевдин балдарынын экөөнүн тең мандатын алып коюш тобокелчилик болот деген ойдо. Анда кызыкдар тараптар кайрадан элди көтөрүп, кырдаал ого бетер курчуп кетет деп билдирди «Алга, Кыргызстан» партиясынан көрсөтүлгөн депутат.
Бермет Акаеванын атаандашы Болот Марипов 15- апрель күнү кечинде улуттук телеканал аркылуу күтүүсүз билдирүү жасады:
- Азыр мага жана менин досум Жеңишбек Байгуттиевге кол салуу даярдалып жатканы бизге белгилүү болду. Бул кол салууну ким даярдап атканын биз билебиз. Ал - Адил Тойгонбаев. Эгер биз менен бирдеме боло турган болсо, коомчулукту маалымдап койгум келет, анда ким күнөөлүү болоорун жана кимден сурашты биз билебиз.
Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттин токтомун аткарабы, Университет округу боюнча Болот Мариповдун арыздарын кайра карап чыгабы азырынча белгисиз.
БШКнын маалымат кызматын жетектеген Нина Мухина билдиргенге караганда, БШК жетекчилигинин азырынча парламенттин 15- апрелдеги токтому менен тааныштыгы жок.