Шанхайда ачууланган демонстранттар япон консулдугунун имаратына бөтөлкө, жумуртка менен помидорлорду ыргытып, сыр чачып:
-Япондорго өлүм, Япониянын товарларына бойкот, япондорду жек көрөбүз!- деп кыйкырып жатышты.
Андан соң митингчилдер япон желегин өрттөштү. Консулдукка бараткан жолдо болсо, жаалданган эл япон ресторандары менен ашканаларын талкалады.
Кытай бийликтери баш калаада Шанхайдагыдай митингдерге жол берген жок. Бээжиндин көчөлөрү менен Борбордук Тян Анмын аянтында жүздөгөн милиция кызматкелери чыгарылып, Япониянын Бэжиндеги элчилигинин имараты катуу кайтарыкка алынды.
Бийликтер демонстрациялар менен митингдердин өзөгүн түзгөн студенттерге митингдерге чыгышчу болсо, аларга каршы катуу чара көрүлө турганын эскертишти.
Кытайлык жарандар өткөн кылымдын 30-40 жылдардын аралыгында япон аскерлеринин Кытайда жасаган кылмыштарын жаап-жашырган жаңы япон тарых окуу китебинин чыгарылышына нааразылык билдирип жатышат. Байкоочулар массалык чыгуулардын дагы бир өтө орчундуу себеби бар экенин, чынчыл, патриоттук дем менен чыккан жаштардын кызуу кандуулугунан пайдаланып, Кытай өкмөтү Япониянын Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү болуусуна жолтоо кылгысы келип жатканын айтып жатышат.
Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан өткөн март айында Япониянын кеңешке туруктуу мүчө болуп кирүү жөнүндөгү арызына колдоо билдирген болучу. Кытайдын премьер- министри Вень Жибао шаршемби күнү Индияга жасаган визитинин учурунда:
- Япония Улуттар уюмунун коопсуздук кеңешинин мүчөсү болууга али даяр эмес, -деп билдирди.
- Өз тарыхынын айныксыз фактыларын мойнуна ала албаган Япония, Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү болуп, эл аралык статусун жогорулатып, дүйнөдө тартипти орнотуу жоопкерчилигине ээ болууга акысы жок,- деди Вень Жибао.
Ушундан улам 16-апрель күнкү чыгууларда Шанхайдагы митингчилер:
-Японияга Коопсуздук кеңешинен орун берилбесин!-деген плакаттарды көтөрүп чыгышты.
Үч жумадан бери ар аптанын соңунда Кытайдын ар кайсы шаарларында өткөрүлүп жаткан массалык демонстрациялар Бээжин менен Токионун ортосундагы мамилелерди кыйла начарлатып жиберди. Алгачында демонстранттардын чыгууларына анчейин каршылык көрсөтпөгөн Бээжин баш аламандыктар жана тартип бузуулар менен коштолгон нааразылык акциялары, өлкөдө күчөгөн антияпондук маанай Япония менен Кытайдын экономикалык алакаларына залака тийгизеби деп чочулап калды.
Айрым маалыматтар боюнча, Япония Кытайдын экономикасына 280 миллион долларлык инвестиция жасаган. Эки ортодогу кризисти жөнгө салуу сүйлөшүүлөрүнө жекшемби күнү Кытайга Япониянын тышкы иштер министри Нобутака Матимура келгени жатат.