Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

БИРИҢЕРДЕН БИРИҢ ЭР, ПРЕЗИДЕНТ БОЛЧУ КИМИҢЕР?


Машакбай Рахманкул уулу, Талас Алдыда өтүүчү президенттик шайлоодо эл ынтымагы бузулбаса экен деген тилек калың элди, саясатчыларды да бушайман кылууда. Ушуга байланыштуу шайлоону ыры-чыры жок өткөрүүнүн ар түрдүү жол-жосундары да айтыла башталды. Бул боюнча Таласта да эл өз пикирин коомчулукка билдирүүдө.

2000-жылы парламенттик шайлоодо Феликс Куловду колдогон Карабуура эли Кыргызстандын ынтымагы үчүн эки лидерди бирге болууга чакырды. “Ар намыстын” райондогу координатору Анарбек Тургуналиев Бакиев менен Куловго жөнөтө турган кайрылууну окуп берди. Кайрылуунун ток этер жери төмөндөгүчө:

- Биздин баамыбызда негизги атаандаштар Бакиев жана Кулов. Экөөңөр тең элге күйгөн, элдин тынчтыгын, ынтымагын ойлогон эл башчы деп эсептелген азаматсынар. Демек, элдин кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынардан жогору коеруңуздарга ишенебиз. Ошондуктан президенттик таймаштын жыйынтыгында жеңгениңер президент, жеңилгениңер өкмөт башчысы болуп, өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн эриш-аркак иштөөгө милдеттүүсүңөр. Башкача болгон учурда өлкөнүн стабилдүүлүгү, туруктуулугу сөзсүз түрдө бузулат жана анда силерди эл да, тарых да кечирбейт.

Чоңкарабуура айылынан ардагер Анарбү Боронбаева адилеттик болуусун каалайт:

- Акыйкат келди, бирок адилеттик жетпей турат бизге. Адилеттик кылсак эле бардык эл, журт-жумурай ушул кишилерди каалайт.

Эки лидер бир команда болсун деп, ал боюнча кол топтоо ишине жетекчилик кылган Кыргызстан компартиясынын борбордук комитетинин мүчөсү Алдаберген Кудайбергенов Бакиев менен Куловду мындайча сыпатады:

- Бул жыйындын уюшулган себеби элди экиге, үчкө, төрткө, уруулукка бөлбөй, жалпы ынтымакта кыргыздын эки чыгаан жигити, кимиси жеңсе президент болуп, жеңилгени өкмөт башчы болуп иштесе деген үмүттөбүз. Анын себеби, Бакиев өзүнүн элге жакканы сабырдуулугу, токтоолугу, ал эми Феликс Куловдун чечкиндүүлүгү бизди ынындырып отурат, - деди Компартиянын мүчөсү Алдаберген Кудайбергенов.

Миңге чукул эл чогулган жыйын аяктаган соң, анын демилгечилери Бакиев менен Куловго жөнөтүүчү кайрылууга кол топтоо ишин башташты.

Карабууралыктар өздөрүнүн бул кайрылуусунда Кыргызстандын эли кошулат деп ниет кылууда.

XS
SM
MD
LG