Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:13

АЗЕРБАЙЖАНДЫН ОППОЗИЦИЯСЫ БИРИГҮҮДӨ


Жаңыл Чытырбаева, Прага Азербайжандын оппозициясы келерки парламенттик шайлоого шайма-шай даярдык көрө баштады. Мурдагы кемчиликтерди эске алуу менен, чачыранды партиялар баш кошуп, бирдиктүү саясий платформа иштеп чыгышты. Бирок алар шайлоо демократиялуу болбосо, Украина менен Кыргызстандагыдай эл көтөрүлүшү да ыктымал экендигин эскертип жатышат.

Өткөн аптада Азербайжандын бир нече оппозиция өкүлү жана мурдакы мамчиновниктер чогулушуп, Милли Межлиске же улуттук парламентке ат салышуу үчүн жаңы шайлоо блогу түзүлгөнүн жарыялашты. “Йени саясат” же “Жаңы Саясат” биримдигинде кезегинде маркум президент Гейдар Алиевдин жардамчысы болгон, учурда Азербайжандын бейкөкмөт уюмдар форумун жетектеген Элдар Намазов бар. Азербайжандын Либералдык партиясынын мурдагы жетекчиси, экс- мамкатчы Лале Шовкет, Улуттук Көз карандысыздык партиясынын мурдагы лидери Этибар Мамедов да кошулду.

«Азаттыктын» кабарчысы менен маегинде Намазов “Йени Саясаттын” көздөгөнү "кландык ой-жүгүртүүгө жана коррупцияга негизделген режимден" кутулуу экендигин билдирди. Жаңы биримдиктин максаттары өлкөнү авторитаризмден демократияга өткөрүүнүн жети бөлүмдөн турган программасында чагылдырылган.

–“ Йени Саясат” президенттик, парламенттик жана жергиликтүү шайлоолордун эркин өтүшү жана терең демократиялык реформалар үчүн күрөшөт. Бул блок парламенттик шайлоо болот экен деп эле түзүлгөн жок. Биздин стратегиялык пландарыбыз кеңири. Биз авторитаризмдин жана коррупциялашкан саясаттын жаңы жана демократиялык системага орун бошотушун каалайбыз, - дейт Намазов.

2003-жылдагы президенттик шайлоодо Гейдар Алиевдин уулу Илхам Алиев добуштардын басымдуу көпчүлүгү менен жеңип чыккан. Ал эми оппозиция саясий бүлгүн салуучулар деп куугунтукка кабылган.

“Азаттыкка” берген маегинде “Элдик Майдан” партиясынын реформисттик канатынын төрагасы Али Керимли Азербайжандын оппозициясы буга чейинки шайлоо өнөктүгүнөн тийиштүү сабак алганын мындайча билдирди:

– Биз үчүн бул шайлоо - добуш берүү гана эмес. Биз шайлоо аркылуу тандоо эркиндигине жетишкибиз келет. Бирок бирикпесек, биз көздөгөнүбүзгө жете албайбыз. 2003-жылдагы шайлоонун жыйынтыгын анализдеп келип, биз күчүбүздү жана ресурстарыбызды бириктирип, дагы жеңилип калбаш үчүн эмитеден даярдык көрүүнү чечтик. Ушундан улам, биз шайлоо өнөктүгүн эрте баштап жатабыз,- деп билдирди Керимли “Азаттыкка”.

Азербайжанда оппозиция көндүм болгон пикир келишпестиктерден арыла алаарын айтуу кыйын. Азыртадан эле бир нече оппозиция өкүлдөрү сыртынан оппозициячыл көрүнгөн менен, өкмөткө ык тартып, Орусиянын таасирин сактап калууну көздөйт деп шектелген жаңы партияга кошулуп кетти. Ошол эле учурда Намазов менен Керимли жетектеген партияларды батышчыл деп эсептешет. Бул экөө тең өзгөрүш шайлоо аркылуу гана болушу керек деп эсептешет. Бирок алар шайлоо бурмаланса, Украина менен Кыргызстандагыдай окуялар кайталанбайт деп эч ким кепил боло албай тургандыгын эскертишүүдө.

XS
SM
MD
LG