Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

«ҮЙ-БҮЛӨ» БАЙЛЫГЫ ТАКТАЛУУДА


Бекташ Шамшиев Коррупцияга каршы күрөш А.Акаев заманында деле көп айтылчу. Атүгүл анын Акүйдүн 7-кабатына чыгып кеткенин башка бирөө эмес, А.Акаевдин өзүнүн айткан жайы бар. Коррупция тамырын иликтөө жаңы өкмөт тушунда мурунку бийлик башчынын өзүнүн, үй-бүлөсүнүн, жакындарынын дүйнө-мүлкүн тактоодон башталууда. Өлкөнү оор абалга алып келген «үй-бүлө» бизнесинин чоо-жайын мамлекеттик комиссия аныктоого киришти.

А. Акаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн соңку жылдарда уламдан-улам кеңейип бараткан ишкердиги көбүнесе ашкана ичинде, болбосо кыйышпас адамдар арасында купуя сыр катары айтылчу. Андай купуя сырды жарыя кылган «Моя столица» гезити миллиондогон сомдук айыппулдардын төөбастысында калып жабылып тынган.

Кийинки «МСН» гезитин деле ошондой эле тагдыр күтүп калган. Күнкор эмес мамлекеттик телекөрсөтүү аркылуу жаай баштаган мурунку мамкатчы, пресс-катчылардын телеталкуулары гезитти соттук доо-арыздарга чөмүлтүү максатында жасалганы көпчүлүккө дайын болчу.

«МСН» гезитинин экономикалык баяндамачысы Геннадий Кузьмин А.Акаевдин үй-бүлөсүнүн кирешелүү ишканаларды бир четтен колго алып, өлүү дүйнөгө сук арта башташы Бермет Акаева казак бизнесмени Адил Тойгонбаевге күйөөгө тийгенден кийин күчөдү деп эсептейт.

- Алгачкы жылдары ал анчалык сезилген деле жок. Бирин-экин иштерди жасаган акысына А. Акаев акча алып турган болуу керек. Кийин болсо күйөө баласы менен уулуна, анан да аялына жардам кылыш үчүн бул ишке аралашып кетти. Анан «Мээрим» кайрымдуулук фондуна деп оңор эмес акчалар өкмөт аркылуу «Алтын балалык» комплексине которула баштады. Курулушка барып турган, акчалардын кайдан келгенинен кабардар Аскар Акаевич арбын акча табуу тууралуу кеңештерин айтып турган. Баарын билип туруп эле ал үй-бүлө бизнесин, уулу менен күйөө баласынын ишин жашырып айтпай келди,- дейт Геннадий Кузьмин.

Үй-бүлө көзөмөлүндөгү кирешелүү тармактар, тактап айтканда, күйүүчү майлар, спирт өндүрүшү, цемент-шифер, кант, пахта иштетүү, байланыш, маалымдоо каражаттарынан түшкөн оңор эмес акчалар Кыргызстандын тыш карызынан көп сумманы түзөөрүн айрым адистер болжол кылышууда. Геннадий Кузьмин бул Кыргызстандын «көмүскө экономикасынын» көлөмүнө чак келер байлык дейт.

Азырынча дайынга чыкканы - Аскар Акаевдин «маңдай теринен табылган акчасына» куруп аткан жарым миллиард сомго бираз жете бербеген кансарай үйү менен мамлекеттик бюджет эсебинен салынган Биринчи президенттин китепканасы.

Курманбек Бакиев кол койгон А.Акаев менен анын жакындарына тиешелүү дүйнө-мүлктү мыйзам чегинде тактап чыгуу тууралуу жарлыкты улай чыккан болжолдуу тизмеде 42 ишкананын аты аталган. Алардын арасында Карабалта спирт заводу, «Манас» абамайданы, «Кыргызалко» акционердик коому, «Берекет», «Silk Way» соода үйлөрү, Кант цемент-шифер комбинаты, Кадамжай сымап комбинаты, «Альянс», «ШНОС», «МИС» май куюу жайлары, «Бител», «Fonex» уюлдук байланыш, «Элкат» жоопкерчилиги чектелүү коому, Токмоктогу «Интергласс» айнек заводу, «Темир» мамлекеттик ишканасы сындуу кирешелүү ишканалар бар.

Вице-премьер-министр милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов бул ишканалардын сатылып кетишине жол бербеш амалында өкмөт биртоп иш-чараларды жүргүзүп жатканын кабарлады.

- «Үй-бүлө» мыйзамдуу негизде эмнеге ээ болсо, мүмкүн, ошонусу калат. Себеп дегенде, Конституция боюнча жеке менчик кол тийгис. Үй-бүлөгө тийиштүү делген дүйнө-мүлктүн тизмеси «МСН» гезитинде жарыяланган. Анда жазылгандар туура же натуура экенин сурайлы десек Айдар Акаев менен Аскар Акаев бул жерде жок. Болсо алардан сурап силерге так айтып бермекмин,- дейт Д.Үсөнов .

Өкмөт башчы К.Бакиев өлкөнү туташ каптаган коррупциялык иштердин анабашында А.Акаев өзү турганын бейөкмөт уюмдарынын чоң жыйынында ырастады.

- Колго тийген А.Акаевдин жеке архивиндеги маалыматтар көрсөткөндөй, ак көңүл президент менен аны курчаган карасанатай адамдар жөнүндөгү сөз ойдон чыгарылган, чындыктан атчабым алыс жөө жомок,- дейт Курманбек Бакиев.

Аскар Акаев Москвадан жаңы бийликке сестүү эскертүү жасап, жеке архивине тийбешин, куру жалаа жабууларды токтотушун талап кылууда. Расмий Бишкек азырынча экс-президент менен жакын адамдарына тиешелүү делген дүйнө-мүлк канча экенин так айта элек.

XS
SM
MD
LG