Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:41

КЫРГЫЗ ЫҢКЫЛАБЫ КОҢШУЛАРДЫ КООПКО САЛДЫ


Эсенбай НУРУШЕВ Кыргызстандагы окуялар коңшулаш өлкөлөрдөгү бийликтерди кооптондуруп, ал эми коомчулукту козголтуп койгонсуду. Өзбекстанда эркин фермерлер коалициясы түзүлүп, нааразылык акцияларын баштаганга белсенүүдө. Казакстанда оппозициялык жаңы партия уюмдаштырылганы жатат. Ал эми региондогу өкмөттөр болсо түстүү ыңкылаптардын “ылаңын” алдын-алуу максатында атайын чараларды көрө баштады.

Казакстанда көрүлүп жаткан чаралардын бири жөнүндө өлкөнүн мурдагы юстиция министри, жаңыдан эле борбордук шайлоо комиссиясынын төрагалыгына дайындалган Оңалсын Жумабеков билдирди. Атап айтканда, шайлоо кезеңдеринде үгүт өнөктүгү башталгандан тарта добуштардын ырасмий жыйынтыктары жарыяланганга чейинки аралыкта өлкөдө демонстрация,митинг өткөргөнгө тыйым салынат.

Казакстанда көз карандысыз айрым басылмалар чыгат, чачыранды жана чабал болсо да оппозициялык кыймылдар бар. Өкмөтчүл гезиттер, бийлик өкүлдөрү кыргыз ыңкылабын баарыдан мурда жакырчылыктан чыкты деп эсептеп, мындай окуялардын Казакстанда болору өтө эле калеттүү, анткени казактар кыргыздарга караганда бардар келет дешет.
Эл аралык бир катар эксперттер болсо региондогу эмдиги ыңкылап үчүн дал ушул Казакстанда ыңтайлуу мүмкүндүктөр бар экенин айтышууда. Өлкөдө оппозициялык жаңы саясий уюм түзүлгөнү жатканын “Акжол” партиясынын теңтөрагасы Алтынбек Сарсенбаев ырастады.

Казакстанга катарлаш тажик парламенти өткөн аптада атайын мыйзам кабыл алып, өлкөдө иштеп жаткан чет элдик бардык уюмдарды жергиликтүү кандай партиялар жана кыймылдар менен байланышы барлыгы, жүзөгө ашырып жаткан ар кандай долбоорлордун маани-мазмуну тууралуу өкмөттү такай кабардар кылып турганга милдеттендирди. Тажик маалымат каражаттарында АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг америкалык бейөкмөт уюмдары аркылуу Акаевдин режимин кулатканга оппозицияга активдүү жардам көрсөткөнү жөнүндө матераилдар жарыяланган эле. Бул маалыматты төгүндөп,Тажикстандагы америкалык элчиликтин өкүлү Жениффер Вашелески сөз болуп жаткан документтин жалгама экенин, аны таркаткан адамдардын америкалык өкмөт менен эч кандай байланышы жоктугун ырастады.

Кыргызстандагы ыңкылаптан улам кала берсе Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязов да азыркы мандаты бүткөн соң 2009-жылдагы шайлоодо бийлигин тапшыра турганын жарыялады. Муну ОБСЕнин төрагасы Дмитрий Рупел менен өткөргөн сүйлөшүүлөр учурунда кайрадан бышыктады.

Региондогу башка өлкөлөрдөн айрымаланып бир гана Өзбекстан азырынча кыргыз ыңкылабына камаарабагандай түр көрсөтүүдө. Буга өлкөдө иш жүзүндө оппозициялык эч кандай саясий партиялардын жана маалымат каражаттарынын жоктугу, массалык демонстрацияларга караманча тыюу салынганы негиз берип жаткандай. Бирок айрым жерлерде ырасмий бийликке каршылык көрсөтүү аракеттери байкала баштады. Жизакта жарым миңге чукул жергиликтүү дыйкандар милициянын кеңсесин басып алып, эки машинаны өрттөп жиберишти.

XS
SM
MD
LG