Болот Мариповдун арызы боюнча түшкөн материалдарды текшерүү үчүн буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын үч өкүлүнөн турган комиссия түзүлгөн. Комиссия бейшембиде өкмөт үйүндө өткөн Боршайкомдун отурумунда Болот Мариповдун арызынын негизинде жүргүзүлгөн текшерүүлөр боюнча маалымат берди. Анын мүчөсү Көкүмбай Турусбеков билдиргендей, Бермет Акаеванын шайлоо фонду 470 миң сомду түзгөн жана ушунча өлчөмдөгү каражат шайлоо учурунда сарпталган. Алардын ичинде 200 миң сом Бермет Акаеванын жеке каражаты болуп, ал эми 270 миң сом жеке адамдар тарабынан түшкөн.
Көкүмбай Турусбеков текшерүүлөрдө мыйзам бузуулар далилденбегендиги тууралуу:
Жогорку Кеңешке талапкер Бермет Акаеванын финансылык отчету Борбордук шайлоо комиссиясынын көзөмөлдөө-ревизиялык тобунун мүчөсү Мүдүнов тарабынан жүргүзүлдү. Шайлоо фондун түзүүдө эч кандай мыйзам бузуулар тастыкталган жок - деди.
Болот Марипов Борбордук шайлоо комиссиясына №1 Университет округунун 5 шайлоо участкасында добуштарды сатып алуу болгондугун, шайлоо өнөктүгүнө Бермет Акаева тарабынан шайлоо фондундагы каражаттан көп эсеге жогору акча каражаты жумшалгандыгын далилдей турган көптөгөн материалдар берилген. Арызды караган комиссиянын мүчөсү Жаркын Бапанованын пикиринде, бул финансылык документтер юридикалык күчкө ээ материалдар эмес:
Ооба, документтер бар, жок эмес. Бирок, алардын баары - чектер, авансылык отчеттор. Аларда эч кандай мөөр жок. Мынча акча тигиге берилсин, буга берилсин деген кагаздар. Бирок, биздин комиссия бул материалдар боюнча тергөө иштерин жүргүзө албайт. Демек, аларды юридикалык күчкө ээ документтер катары кароого комиссиянын укугу жок. Бул документтер боюнча соттук териштирүү иштери жүргүзүлүшү зарыл. Ошондуктан, биз материалдар боюнча тергөө жүргүзүлсүн деген токтом кабыл алып, аны Башкы прокуратурага жолдодук. Анын чечиминин негизинде биз бул маселени кайра карайбыз - , деди Жаркын Бапанова.
19-апрелде «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда Бермет Акаева №1 Университет округунда шайлоо ачык-айкын, мыйзам чегинде өттү деген пикирин билдирген.
Ал эми Болот Мариповдун адвокаты Айбек Чекошев болсо:
Бизге Бермет Акаева жана анын командасы талапкердин расмий шайлоо фондусунан тышкары бир нече миллион сом анын Университет округу боюнча депутат болушу үчүн сарпталгандыгы боюнча материалдар түштү. Добуш сатып алуулар боюнча ондогон күбөөлөр айтып жатышат - , деп билдирди..
Жыйындын соңунда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Болот Мариповдун доо арызы-боюнча материалдарды иликтөө үчүн Башкы прокуратурага жолдоо жөнүндөгү токтомун кабыл алды.
Болот Марипов Боршайкомдун мындай чечимине нааразы:
Борбодук шайлоо комиссиясынын урматтуу мүчөлөрү! Бүгүнкү күндө сиздер акыйкатсыз чечим кабыл алып жатасыздар. Сиздер бул ишти создуктуруп жатасыздар. Ошону менен, сиздер биздин эртеңкиибизди опурталдуу кылып жатасыңар. Мен биз берген далилдер төгүнгө чыгарылбай турган далилдер деп эсептейм .
Ал эми Боршайкомдун төрагасы Туйгуналы Абдраимов буга мындайча жооп берди:
Сиз далилдер жетиштүү деп эсептейсиз. Ал эми мен сиз берген арыздын негизинде тергөө иштерин жургүзүү керек деп эсептейм. Бул маселе боюнча мен юристтер менен да сүйлөштүм. Бул жерде бухгалтердик экспертиза жүргүзүлүшү керек. Ошондуктан, мен Борбордук шайлоо комиссиясы туура чечим кабыл алды деп эсептейм.