Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:41

ЖОГОРКУ СОТТО МӨӨНӨТСҮЗ НААРАЗЫЛЫК БАШТАЛДЫ


Жогорку Сот ишмердүүлүгүн 22-мартта эки күнгө токтотууга мажбур болду. Мындай жагдайдын түзүлүшүнө №21 Токтогул, №59 Чүй шайлоо округунун 30 га жакын нааразы шайлоочусунун имараттын ичине кирип алышы себеп болду. Алар өз укуктарын коргоо үчүн ушундай кадамга барууга аргасыз болушканын билдиришти. Жогорку Сот бул жагдай боюнча эч кандай маалымат бере элек. Имарат улуттук гвардиянын аскерлеринин кайтаруусунда турат.

Жогорку Сот имаратынын алдында №59 Чүй шайлоо округунан Туратбек Андашевдин, №21 Токтогул шайлоо округунан Токтосун Мадияровдун шайлоочулары бир нече күндөн бери турушат. Өз талапкерлерин мыйзамдуу депутат деп эсептеген бул шайлоочулар аларга байланышкан сот чечимдеринин бардыгы акыйкатсыз чыккан деп жатышат. Ошондуктан, алар Жогорку Соттон мурдагы чечимдерди жандырып, кайра шайлоо өткөрүүнү, Жогорку Соттун, Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматтан кетишин талап кылышууда.

Мындай талаптарды 22-апрелде имараттын ичине кирип барган жоон топ шайлоочу Жогорку Соттун төрага орун басары Жеңиш Досматовго билдиришти. Ушул эле күнү нааразы тараптын талабына ылайык Жогорку Соттун кызматкерлери толугу менен иш орундарынан чыгып кетишти. Имараттын ичи-тышын толугу менен Улуттук гвардиянын аскерлери кайтарууга алгандыктан, «Азаттыктын» кабарчысына имараттын ичине кирүүгө мүмкүн болгон жок. Нааразылык акциясын имараттын ичинде өткөрүп жаткандардын бири. Туратбек Андашевдин тарапкери Анара Дауталиева жагдайды телефон аркылуу мындайча кабарлады:

- Бардык иш бөлмөлөр жабылган, бардыгыбыз биринчи кабаттабыз. Ички күзөт жана Чотбаевдин улуттук гвардиясы бизди эки тараптан кайтарып атышат. Ичинде эки округдан 26 аял барбыз.

Дауталиеванын айтымында, шайлоочулардын бул нааразылыгы мөөнөтсүз болот жана алар талап-тоноо, өңдүү мыйзам бузууларга барбайт, шайлоого байланышкан бардык сот чечимдери мыйзамга ылайыкталышын талап кылышат. Ушундай эле пикирин №59 Токтогул шайлоо округунан талапкер Токтосун мадияровдун шайлоочусу Мамбеталиева Майрам да билдирди:

- Биздин талап: Жогорку Сот бүт бардыгы толугу менен отставкага кетсин. Мадияровдун мандаты берилсин. Токтогулдун эли 70% шайлаган. Райондук соттун чечими күчүндө калсын.

Мамбеталиева Майрамдын билдиргение караганда, нааразылыкка чыккандар тамак-аштарын өздөрү менен кошо ала келишкен.

Жагдай боюнча бул күнү тартип коргоо кызматы да, күзөттө турган Улуттук Гвардиянын, Жогорку Соттун өкүлдөрү да жагдайга кандайдыр бир түшүндүрмө беришкен жок.

Жогорку Соттун кызматтан кетишин ушул эле күнү Өкмөт үйүнүн алдына чыккан №6 Асанбай шайлоо округу боюнча Шарипа Садыбакасованын шайлоочулары да талап кылышты.

- Шарипа Садыбакасова – биздин депутат! Аялзат –Парламентке! – деп кыйкырып, алар президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин, вице-премьер министр Данияр Үсөновдун келип жолугушуусун талап кылышты.

Бул күнү Садыбакасованын өкүлдөрүн Борборшайлоокомдун төрагасы Туйгунаалы Абдраимов кабыл алып, «Шайлоо кодексинин» талаш маселеге байланышкан жобосуна түшүндүрмө берүүнү убада кылды. Жогорку Сот мындан бир нече күн мурун Шарипа Садыбакасованы депутаттык укуктан ажыраткан, чечимдин негизинде БШК Мелис Эшимкановго депутаттык мандат тапшырган.

Бул жагдайга байланыштуу Жогорку Сот эч кандай маалымат берген жок. Бирок, эки күн мурда «Азаттыкка» телефон аркылуу берген интервьюсунда Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов мындай деген:

- Өзүмдүн моралдык күнөөмдү сезсе, (арызымды) жазышым мүмкүн эле. Бирок, азыркы кырдаалда жалпы юристдикциядагы Сот системасын таштап коюп, туруп басып кеткеним да туура эмес болчудай.

Жогорку Соттун төрагасынын жардамчысынын билдиргенине караганда, Курманбек Осмонов ден соолугуна байланыштуу акыркы эки күндө жумушка чыккан жок.
Жогорку Соттун айланасында түзүлгөн акыркы жагдайга карата көз карандысыз адвокат Сагынбек Ашырбековдун билдиргенине караганда, нааразылыктардын аягына чекит коюунун жалгыз жолу катары сот системасын толугу менен өзгөртүүнү белгиледи:

- Туура эмес ситуация болуп атат. Себеби, бардыгын мыйзам алкагында жасаш керек эле. Бардыгын элге түшүндүрүш керек. Эл кыйналып атат. Жаңы шайланган өкмөт ушул системаны өзгөртүш керек. Мына ушул эле Жогорку Сотто бир күн сот болуп иштегендер бар. Президенттин сунушу боюнча Жогорку Кеңеш шайлап койгон. Президент да, Жогорку Кеңеш да көп катачылыктарды кетирген. Ошонун тыянагы ушундай болуп атат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG