Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:25

ПАРЛАМЕНТ ТИЛ КОМИССИЯСЫН БЕКИТЕ ЭЛЕК


Президенттикке талапкердин мамлекеттик тилди кандай билерин Борбордук шайлоо комиссиясы түзгөн Тил комиссиясы аныктайт. Парламенттин апта соңундагы отурумунда ошол комиссия мүчөлөрүн бекитүү маселеси талкууга алынды. Депутаттардын бирдаары комиссияга жазуучу, журналисттердин кириши туура эмес деп, аны түгөл тилчи, адабиятчы адистерден түзүү сунушун айтышты.

Президенттикке талапкердин мамлекеттик тилди билүүсү кийинки жылдары жалаң эле лингвистикалык проблема болбой, саясий өң-түс алып кеткен. Асыресе, тил комиссиясынын сынынан учурунда Юруслан Тойчубеков менен Исхак Масалиев өтпөй калышканы көпчүлүктүн эсинде. «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Ф.Кулов 2000-жылкы президент шайлоо алдында кыргыз тил сынагына катышуудан баш тарткан. «Арнамыс» партия жетекчисинин кыргыз тилин билер-билбеси бул ирет да саясий талашка «жем» таштаганы турат. Аны жума күнкү парламент отурумундагы тил комиссиясынын курамын бекитүү маселесинин талкуусу ачыкка чыгарды.

Парламент депутаты Мелис Эшимканов президенттикке талапкердин кыргыз тилин канчалык билерин комиссия эмес, эл чечиши керек деп эсептейт.

- Лингвистикалык комиссиянын курамын бекиткени турабыз. Менин жеке баамымда лингвистикалык комиссия легитимсиз орган катары кызмат өтөбөй эле койсо болмок. Талапкердин тилди билер-билбесин эл чечсе болмок.

Мелис Эшимканов айрым комиссия мүчөлөрүнө каршы экенин жашырган жок. Анткени алар:

- Мезгилдүү басылмаларда - «Аалам», «Жаңы ордо», «Жаңы кылым» гезитинде Ө.Текебаевди катуу сындап, Ф.Куловду катуу сындап, Курманбек Салиевичти асманга көкөлөтүп мактап макалаларды, ырларды жазышты. Анан ушул адамдардын, өздөрүнүн симпатия, антипатиясын билдирген адамдардын лингвистикалык комиссияда калыс болоруна мен ишенбейм.

Мелис Эшимкановдун пикирин депутат Каныбек Иманалиев да колдоду. Анын ырасташынча, жазуучулар грамматикалык эрежелерди бекем сакташпайт. Ошон үчүн бир эле сөздү беш жазуучу беш башкача жазат.

- Ушул тил комиссиясы саясий күчкө айланып кетпес үчүн бир принцибин макулдашып алсак. Илимде, педагогикада жүргөн адамдар болсо. Мен эки урматтуу жазуучуну абдан сыйлайм, аларды бүт кыргыз эли сыйлайт. Филологдор билет, бир сөздү беш жазуучу беш түрдүү жаза беришет. Алар ар кандай ката кылып кое беришет. Алар изложение, сочинение текшерип көрүшкөн эмес.

Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүрбек Текебаев парламент лингвистика комиссиясын маалынан кечиктирбей бекитпесе Борбордук шайлоо комиссиясы өз чечими менен аны дайындап коерун айтып, маселе 25-апрелдеги отурумда дагы талкуулана тургандыгын эскертти:

- Комиссия курамы боюнча макулдук бериш керек. Бизге курамы 9 адамдан турган комиссия Борбордук шайлоо комиссия тарабынан келип түшүп атат. Муну бекитпесек, жакында 10 күн өтөт. Мөөнөтүнө байланыштуу гана мен муну кезексиз алып чыгып атам. 10 күн өткөндөн кийин Жогорку Кеңеш макулдук бербестен туруп эле бул түздөн-түз Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалып калат. Ушул маселени кезексиз карап, талкуусуз эле персоналдык составы боюнча добуш берип койсок, деген сунуш түштү эле. Уруксат этсеңиздер, ушул маселени кабыл алып коелук.

Парламенттин мыйзамдуулук, конституциялык түзүлүш комитетинин төрагасы Камбаралы Конгантиев тил комиссиясынын түзүүнүн мыйзамдык негиздерине токтолду.

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жөнүндөгү кодексинин 61-беренесинин 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билер-билбесин аныктоонун жол-жобосу тил боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы аркылуу жүзөгө ашырылат. Анын курамы 9 адамдан туруп Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо башталганга чейин 20 календардык күн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитилүү үчүн тапшырылат да, 10 күндүк мөөнөттө парламент тарабынан бекитилүүгө тийиш.

Парламент депутаттары лингвистикалык комиссия мүчөлүгүнө кирген белгилүү жазуучу, журналисттерди чыгарып, алардын ордуна саясий кызыкчылыктан алыс, илимий даражасы бар тилчи, адабиятчы окумуштуулардан киргизүүнү Борбордук шайлоо комиссиясына сунуштап, маселени талкуулоону келерки дүйшөмбүгө калтырды.

XS
SM
MD
LG