Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:03

«АЛЫСКЫ ТУУГАНДАН ЖАКЫНКЫ КОҢШУ АРТЫК…»


22-апрелде президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Казакстанга иш сапар менен барып келди. Ал эми тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаеванын Ташкенге үч күндүк сапары 23-апрелде соңуна чыкты. 24-марттагы ыңкылаптан кийин убактылуу өкмөт коңшу мамлекеттер менен алакасын чыңдоодо. Антсе да Астана, Ташкен менен Бишкектин ортосунда чечилбей келаткан маселелери арбын.

Курманбек Бакиев менен 22-апрелдеги Алматыдагы жолугушуудан кийин казак президенти Нурсултан Назарбаев эки мамлекеттин буга чейин жетишкен келишимдерин аткаруу маселесине токтолду.

Назарбаев Ысыккөлдөгү төрт пансионатты казактарга өткөрүп берүү, Ташкен-Бишкек-Алматы газ түтүгүн биргелешип иштетүү маселесине өзгөчө көңүл бурганын казак маалымат каражаттары жазууда.

Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаевдин 2003-жылдын аягында Астанага жасаган сапары учурунда газ түтүгү, пансионаттар боюнча келишимдерге кол коюлган. Бирок пансионаттар боюнча келишим мурдагы Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган эмес.

Газ түтүгүн биргелешип пайдалануу максатында болсо “КырКазгаз” аттуу биргелешкен ишкана түзүлгөндүгү кабарланган. Кыргыз тарап Алматыдагы сүйлөшүүлөрдө Казакстан, Россия жана башка өлкөлөрдүн ишкерлерине Кыргызстанда иштөөгө тийиштүү шарт түзүп берүүгө аракет жасалаарын билдирген.

Курманбек Бакиев менен Данияр Үсөновдун Казакстанга сапарын Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Орозбек Дүйшеев мындай баалады:

- Акаевдин режиминин убагында жакын коңшуларыбыз менен жүрөктөн чыккан таза ынтымак жок болчу. Ошондуктан биз мамилелерибизди таза, ак жолго салышыбыз керек. Кечээ күнкү сапар ушуга байланыштуу деп эсептеймин. Бакиев баш болгон жаңы өкмөт жасап жаткан иштери элибиз үчүн эң пайдалуу.

Ал эми өлкөнүн мурунку тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин пикири мындай болду:

- Менин оюмча, албетте, биринчи кезекте Назарбаев Бакиев менен таанышам деп Алматыга чакырды. Сүйлөшүүлөрдө биздин жетекчибиздин пландары, программасы кандай, өзгөчө Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөр менен мамилени кантип түзүп чыгат, кайсы приоритеттер болот, кайсы жагынан өзгөрүүлөр болот - ушуга байкоо салды. Анан Казакстан үчүн Кыргызстанга байланыштуу негизги маселе -суу маселеси. Менин оюмча, бул маселе да көтөрүлдү.

Анын айтымында, пансионаттар маселесин жаңы парламент менен тыкыс иштеп чечүүгө болот. Ал эми Ташкен-Бишкек-Алматы газ түтүгүнүн Кыргызстандагы бөлүгүн өз көзөмөлүбүздө алып калуу маанилүү, дейт Муратбек Иманалиев.


23-апрелде тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаеванын Ташкенге жасаган сапары соңуна чыкты.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин пресс-атташеси Айдай Өмүркулова Отунбаеванын сапары тууралуу буларды билдирди:

- Ооба, бир катар жакшы келишимдерге жетиштик. Өзбек өкмөт башчысы Мирзоев менен сүйлөшүүлөр достук жана кызматташтык маанайда өттү. Газ, суу-энергетика маселелери боюнча май айынын башында эксперттер деңгээлинде кеңешмелер болот. Мындан ары үзгүлтүксүз өткөрүлүүсү белгиленген Тышкы иштер министрлер ортосундагы кеңешме да май айында өткөрүлөт. Андан кийин кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссия чогулат.

Жергиликтүү талдоочулардын пикиринде, жаңы өкмөттүн коңшулар менен чече турган маселелери арбын. Маселен, «Кыргызгаз» «Казтрансгазга» 16 миллион доллардан ашуун карыз. Андан сырткары казак тарап Кыргызстандагы газ түтүгүн оңдоо үчүн 20 миллион доллар сарпталыш керектигин жана андай каражатты жумшоого даярдыгын билдирүүдо.

Мурунку вице–премьер-министр Базарбай Мамбетов жазгандай, мындай жүрүш менен Казакстан биздин газ түтүктү жакында түп-тамыры менен сатып алат. Андан сырткары Казакстан менен жетишилген чек ара тууралуу келишим да кыргыз парламентинде ратификацияланбай турат.

Өзбекстан менен болсо чек ара боюнча оор сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Акыркы кезде уламдан-улам басаңдап бараткан кыргыз-өзбек соодасын жандантууга Ташкендеги сүйлөшүүлөр салым кошо алабы - аны эми мезгил көрсөтөт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG