Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

ЫҢКЫЛАПКА БИР АЙ ТОЛДУ


Чолпон Орозобекова Жекшембиде 24-марттагы ыңкылапка туура бир ай болду. Айрым талдоочулар мынча убакыт ичинде көп нерсеге үлгүргөнгө болбойт десе, айрым байкоочулар азыркы бийлик президенттик шайлоодо жеңиштин айласындагы гана кадамдарды жасап жатат дешет. Ыңкылаптын бир айлыгы бүгүн үй куруучулар кыймылынын 15 жылдыгы менен чогуу белгиленди.

Башкалаадагы «Аккула» ат майданында бул эки дата чогуу белгиленди. Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов, вице-премьер Ишенгүл Болжурова, президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыков сөз сүйлөп, үй куруучулардын «Ашар» кыймылы Кыргызстанда демократиялык кыймылдын башаты болгонун билдиришти. Кыргызстан демократиялык кыймылдын лидери Жыпар Жекшеев дал ушул кыймыл коммунисттик диктатураны кулаткан деген пикирин айтты.

Ыңкылаптан бери Кыргызстанда эмне өзгөрдү? Көк бөрү оюнун көрүп отурган мамлекеттик катчыга ушул суроо менен кайрылдык:

- Олуттуу иштер үчүн бир ай аз убакыт. Эң башкысы коомчулук тынчып, толкундоолор азайып, кырдаал стабилдешти. Азыр болсо бийлик эң башкы милдеттерди ыраатту турмушка ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз, - дейт Дастан Сарыгулов

Айрым байкоочулар азыркы бийликтин айрыкча кадр саясатына сын пикирлерди айтып жатышат. Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов бир ай аз убакыт, ошентсе да азыркы бийликтин президенттик шайлоодо утушка ээ болуш үчүн жандалбас кылганы байкалууда деген ойдо. Депутаттын пикиринде, Курманбек Бакиев башында турган азыркы өкмөттүн кадр саясатындагы кемчиликтери көзгө дароо урунуп жатат.

«Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев ыңкылаптын бир айлыгы менен «Ашар» кыймылынын мааракеси чогуу белгиленгени жөн жеринен эмес деген оюн ортого салды. «Бул мааракенин ыңкылаптын бир ай болушу менен тогошуп калганы өзүнчө символикалуу болуп турат» деди Тургуналиев мырза.

«Аккула» ат майданында «Дордой» жана «Рассвет» көк бөрү командалары ойноду. «Дордой» командасынын жетекчиси, башкалаанын мэри Аскар Салымбеков оюнчулар көптөн бери беттеше электигин, ошондуктан командалар өздөрүн жакшы көрсөтө албай атканын ырастады.

Акыр көк бөрүчү эки команда тең чыгып, баш байгени тең бөлүп алышты.

XS
SM
MD
LG