Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:59

КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМАГА КАРШЫ КИШИ ЖОК, БААРЫ МАКУЛ


Бекташ Шамшиев Жакындан бери Кыргызстанда конституциялык реформа, парламенттик республикага өтүү идеясы байма-бай айтыла баштады. Жаңы өкмөт, парламент, жарандык коом, саясий партиялардын басымдуу көпчүлүгү жаңы демилгени жапырт колдоого өтүштү.

Улам-улам оңдолгон Кыргызстан Башмыйзамы эми дагы бир ирет оңдолуп-түздөлгөнү турат. Антишке 24-марттан кийинки жаңы коомдук-саясий жагдай, жеке бийликтин салакасын жоюу зарылдыгы себеп болууда. Ыңкылаптан кийинки көтөрүңкү маанайдын деми сууй электе өлкөнүн эртеңкиси кандай болоруна шашпай акыл калчоонун сааты келип туру. Президентке берилген чексиз бийликти чектеп, өкмөттүн таасирин көтөрүп, парламентти алдыга сүрөө конституциялык реформанын негизги өзөгүн түзмөкчү.

Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева оболу президенттик шайлоону июль айынын башында өткөрүп, андан соң конституциялык реформага шашпай киришүү туура болор эле деп эсептейт.

- Мен үчүн айдан ачык бир маселе бар, биз системаны сөзсүз өзгөртүшүбүз зарыл. Бирок да баарын иргеп, эч нерсесин калтырбай эскини ыргытып таштоо деле жарабайт. Коом антип өнүкпөйт. Ириде биз келечекте эмне жасашыбызды так ажыратып алышыбыз туура болор эле. Парламенттик республика болобузбу, президенттик-парламенттик республика болобузбу, пропорционал- мажоритардык шайлоого өтөбүзбү – мунун баарын ушундай дискуссияларда чечип алганыбыз оң. Президент 5 жылга, бирок 1 гана ирет шайланса туура болор эле деп ойлойм. Бул президенттиктен парламенттик башкарууга же парламенттик- президенттик башкарууга өтүп аткан мезгил үчүн өзгөчө маанилүү маселе.

Роза Отунбаеванын ырасташынча башкаруунун көнүмүш систeмасынан экинчисине өтүш үчүн убакыт керек.

«Арнамыс» партиясы парламенттик республикага өтүү идеясын жактайт. Партиялык тизме менен шайлоо өткөрүү ушу тапта Кыргызстанда чайлап-коолап жайылып аткан уруучулукту, жамааттык жан тартуучулукка бөгөт коюп, коомдук өнүгүүнү цивилиязациялуу нукка салар эле, дейт партия жетекчисинин орунбасары Эмил Алиев:

- Мындай шартта парламенттин түзүлүшү азыркыдай кыйын кезеңге кабылбай, кыйла жөнөкөйлөшөт эле.

Эмил Алиев соттор толук көз карандысыз болгондо гана парламенттик башкаруу максатына жетет деп эсептейт. Соттор парламент тарабынан бекитилиши керек, бирок аларды азыркыдай президенттик акимчилик сунуш кылбай, аны укукчулар бирикмеси же ассоциациясы жүзөгө ашыруусу керек.

«Менин өлкөм» партиясынын саясий кеңеш мүчөсү Зайнидин Курманов президенттик шайлоого алаксыбай, оболу Конституцияны реформалоо зарыл деген пикирде.

- Эгер Орусиядагы 1861-жылдагы крепостнойлук укукту сатып алуу акысы жана башка кол-жолго будоо нерселери жок батыл ишке ашырганда 1917-жылкы Октябрь революциясы болмок эмес. Жарым-жартылай иш жасоо, артка кылчактоо, ылай суудан сузуп алып жеке мүдөөсүн кандыруу аракетинин аягы калкка каран түн алып келгенден башкага жарабайт.

Америкалык ARD Checi- USAID программасынын жетекчиси Брайан Кемпбел жеке бийликтин тизгинин тартуу чоң иштин башталышы гана деп эсептейт.

- Сүйлөгөндөрдүн бири кыргыздар кандарды мурда деле тактан кууп түшүшкөн деп айтты. Бул өзү эске аларлык иш. Ошон үчүн парламенттик системага өтүү жолун ойлоо керек окшойт, курултай чакырып, элди ынтымакка чакыруу керек окшойт. Мүмкүн, бул кадам ушу таптагы бөлүнүүчүлүктү, кландык жиктелүүгө тоскоол болоор.

Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев парламенттик башкарууга өтүүгө азырынча шашпай туруу керек деп эсептейт. Ага жетишке дагы кыйла убакыт керек.

XS
SM
MD
LG