Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:41

Ф. КУЛОВ ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛИГИН КӨРСӨТӨТ


Азиза Турдуева, Бишкек 25-апрелде «Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Кулов 10-июлда боло турган президенттик шайлоого катыша тургандыгын ырасмий жарыялады. Бишкекте «Хайат» мейманканасында өткөн маалымат жыйынында Кулов президенттик шайлоого эмне себептен катыша турганын, Конституциялык реформага карата көз карашын билдирип, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Маалымат жыйынында Феликс Кулов президенттик шайлоого өз талапкерлигин койуу чечимине ар кайсы облустардан келген өтүнүчтөрдөн жана аналитиктердин кеп-кеңештеринен кийин келгенин айтты:

- Мен аналитиктер тобу жана региондордун өкүлдөрү менен жасаган анализден кийин президенттик шайлоого талапкерлигимди көрсөтүүгө милдеттүүмүн деген жыйынтыкка келдим. Алар эгерде түштүктөн Курманбек Бакиев президенттикке чыкса, түндүктөн да ага тете келген талапкер болушу керек. Эгерде андай болбосо, түндүктөн чыккан талапкерлер түштүк-түндүк факторун көтөрүп чыгып, түштүккө бийлик бербейбиз деген сыяктуу ураандарды да пайдаланышы мүмкүн.

Ал андан ары сөзүн минтип улантты:

- Өлкөдөгү абалды турукташтыруу, мамлекеттик мекеме, ишканалардын ишин калыбына келтирүү, калкты социалдык жактан коргоо, улуттар аралык ынтымак камсыз кылынууга тийиш. Орус тилдүү калктын кетиши токтотулушу керек. Улуттун, элдин биримдигине жетишүү - менин алдыма койгон башкы максаттардын бири.

Кулов айткандай, эгерде ал президенттик шайлоодо жеңип чыкса Курманбек Бакиевди өкмөт башчылыгына көрсөтөт.

- Эгерде Кудай буйруп, мен президент болуп калсам, мен алдын-ала азыр билдирем, Курманбек Бакиевге премьер-министрдин ордун сунуш кылам. Эгерде Бакиев биринчи орунга чыкса, мен андан эч нерсе сурабайм. Өкмөттө, башка жерлерде эч кандай орунга барамын деп айтпайм. Менин максатым – туруктуулукту сактоо жана мен ага жетүү үчүн баарын жасайм. Менин пикиримде, президенттикке бара турган талапкерлердин ортосунда меморандум түзүлүшү керек.

Ал эми Шайлоо кодексине ылайык, президенттикке талапкерден кыргыз тилин билүү талабы коюлган, лингвистикалык комиссиянын сынагынан өтөөрүңүзгө ишенесизби, деген суроого Кулов мындай деп жооп берди:

-Конституцияга ылайык президенттикке талапкер мамлекеттик тилди билиши керек. Ал үчүн лингвистикалык комиссия түзүлгөн. Мен сыноо берүүгө милдеттүүмүн. Кудай берсе, сыноону тапшырам. Мен эне тили сөзсүз түрдө өнүгүшү керек деген пикирдемин. Мен ал үчүн бардык аракетимди жумшайм жана өзүмүн мисалымда аны көрсөтөм .

Журналисттер Феликс Куловдун өлкөдө Конституциялык реформаны жүргүзүү маселесине карата көз карашына да кызыгышты. Мындай суроолорго Куловдун жообун төмөнкүдөй болду:

- Конституциялык реформа жүргүзүлүшү керек. Анын жүргүзүлүшүн көпчүлүк адамдар колдоп атышат. Бул коомчулуктун талабы. Бул мезгилдин талабы. Бир адамдын колуна ушунчалык чоң бийлик берилбеши керек. Менин максатым – киийнки шайлоодо парламенттик республикага өтүү. Шайлоо партиялык тизмелер боюнча өтүшү керек. «Оппозиция жөнүндөгү» мыйзам кабыл алынуга тийиш. Экинчи президенттик шайлоо болбошу керек. Эгерде мен президент болсом, мен экинчи мөөнөткө барбайм. Конституцияга парламенттик республикага өтүү боюнча өзгөртүүлөр киргизилет. Бул менин терең ишенимим.

Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев 24-апрелде «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда Куловдун жаза өтөө жайында отургандыгы үчүн өкүнө тургандыгын билдирген. Журналисттер буга байланыштуу Акаев менен кандайдыр бир сүйлөшүүлөргө барган жоксузбу, ал тарабынан сизди колдоо болбойбу, деген маанидеги суроолорду да жолдошту. Аларга Кулов:

- Акаев менен тандем болушу мүмкүн деген – бул фантазияга жакын ойлор. Бирок мен Аскар Акаев менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Ал мени абактан чыгышым менен куттуктады. Биз Кыргызстандагы азыркы абал, анын келечегине байланыштуу айрым маселелер боюнча пикир алыштык. Менин Акаевге адам катары, инсан катары эч кандай кегим жок. Бул өтө бактысыз адам. Мен анын өз өлкөсүнөн качууга мажбур болгон саясий жана адамдык тагдырын да эч кимге каалабайт элем. Мен Акаев түзгөн режимге каршы күрөшкөнмүн.

Ал эми премьер-министр Курманбек Бакиев 24-апрелде кыргыз улуттук телекөрсөтүүсү аркылуу телекөрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берип жатып, Феликс Кулов менен сүйлөшкөңдүгү жөнүндө:

-Биз Кулов менен жолугуп, сүйлөштүк. Ал президенттикке бара тургандыгы жөнүндө айтты. Биз эгерде ким жеңилсе, ал элди көчөгө алып чыкпайт деп жигитче сүйлөштүк, - деп айтты.

Феликс Куловдун президенттике катышам деген ырасмий билдирүүсүнө карата айрым саясий партия, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү пикирлерин билдире башташты. Кээбир партиялар Куловдун президенттике талапкер катары катышышы мыйзам ченемдүү көрүнүш деген ойлорун жатышат.

Алардын пикиринде, Кулов президенттике татыктуу талапкерлердин бири. Бирок ошол эле мезгилде Кыргызстандагы азыркы саясий кырдаалда, анын үстүнө түштүк-түндүк маселеси күчөп турган учурда Феликс Кулов премьер-министр Курманбек Бакиев менен тил табышып, эки лидер бир саясий блок менен чыккандыгы да оң болоор эле деген көз караштар да жок эмес. Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын лидерлеринин бири Жыпар Жекшеев бул маселеге байланыштуу мындай пикирин билдирди:

-Албетте, ар бир адамдын укугу бар президенттик шайлоого катышууга. Бирок азыркы кырдаалда, анын үстүнө түштүк–түндүк фактору күчөй баштаган учурда Кулов жана Бакиев тирешпей, өз ара тил табышып, президенттик шайлоого бир блок менен барышса жакшы болмок. Антпесе элдин ынтымактыгына доо келтирилиши да мүмкүн.

XS
SM
MD
LG