Орусияда космоско учууларга көзөмөл жүргүзүү борборунун диспетчерлери Казакстандын кең талаасына конгон “Союз” капсуласын чоң сүйүнүч менен кол чаап тосуп алышты.
Жерге конгон “Союз” космостук жабдыгында орус космонавты, биздин жердеш Салижан Шарипов, америкалык астронавт Лерой Чиао жана италиялык Роберто Виттори бар. Жигитов менен Чиао эларалык космос станциясына өткөн жылдын октябрында учуп кетишкен эле. Ал эми европалык Космос агенттигинин өкүлү Витторио космосто сегиз күн эле болду.
Алар жекшембиде эларалык космос станциясынан чыгышкан. Ал эми алардын ордуна барышкан орусиялык космонавт Сергей Крикалев жана америкалык Жон Филипс станцияда калышты. Эми алар космосто алты ай болушат.
Космонавттарды кайра жерде тосуп алуу операциясы аба ырайынын начардыгынан улам татаал өттү. Космостук кеме конгон жерде бир канча жума кар жаап, кийин жамгыр болгондуктан, жер жумшарып, баткакка айланган. Космонавттарды алып келүү үчүн жиберилген 10 вертолеттун үчөөсү гана ал аймакка коно алган. Капсула жеңил конгондугу айтылды. “Андыктан чоң деле проблемалар болгон жок” дейт орусиянын Космостук агенттигинин жетекчиси Анатолий Перминов.
- Баары пландаштырылгандай эле өттү. Мен ар бир космонавтты куттуктайм. Алар ден-соолугу жакшы. Өзүңүздөр уккандай, алар баары космостук аппараттан ийгиликтүү чыгарып алынды, - дейт Анатолий Перминов, Орусиянын космос агенттигинин төрагасы.
Ал эми космосту изилдөө боюнча америкалык уюм – НАСАнын - өкүлү Уиллиам Редди да бул убакта орусиялык космоско учуулар борборунда болчу. Ал бул жердеги жумушту мактады.
- Биздин орусиялык кесиптештер дагы бир жолу коркунучтуу аба ырайында да жерге конгон бөлүктү күтүп алууда канчалык деңгээлде ийкемдүү боло алаарын даңазалашты, - деди америкалык НАСА уюмунун өкүлү Уиллиам Редди.
Космостон келе жаткандарды жерде ийгиликтүү күтүп алуу эки тарапты тең, америкалыктарды да, орусиялыктарды да ойлонтуп жаткан. Орусиялык космос жаатындагы адистер мындан 2 жыл мурда май айында болгон компьютердик катачылыктан качууга аракет кылышты. Анда да эларалык космос станциясынан жерди көздөй келе жаткан капсуланы көзөмөлдөөдө 400 чакырымдык аралыкта мүчүлүштүктөр болгон эле.
Америкалык “Шаттл” уюму эки жылдан кийин, эми кайра космоско учууга даярданып жатат. Мындан эки жыл мурда “Шаттлдын” кемеси Техаска кыйрап түшүп, андагы жети астронавт баары мерт кеткен эле.
Шаттл өзүнүн кемесин май айынын орто чендеринде учурат деп айтылган эле, бирок өткөн жумада НАСА учуу убактысын 22-майга жылдырып, балким, кийин дагы 3-июлга чейин артка калтырылышы мүмкүн экенин айтты. Мунун баары коопсуздук чараларын мыкты даярдап алуу үчүн жасалып жатканы кабарланды.
Коопсуздук жаатында иштеген өкүл Сюзан Жонстон сүйлөйт.
- Машине сатчу дүкөндөгүдөй эле, система жакшы иштей тургандыгын өтө кылдат текшерип чыгыш керек. Биз ар бир аппарат, программаларды камсыз кылган компьютер, - баары ката кетпегидей жакшы даярдыкта экенине ишенишибиз зарыл, - дейт “Шаттлдын” өкүлү Сюзан Жонстон.